Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Утурумдук башчы жана анын байланыштары


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Журналисттер президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ортосундагы байланыштарды таап чыгышты.

Жаңы иликтөөгө ылайык, Мамытовдун кеңешчиси болгон Тынчтык Сулайманов аттуу адам Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын бир тууган иниси болот. Бул Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен чет өлкөгө чыгарылган комиссиянын иши жана аны жетектеген Мамытовдун өзүнө карата суроолорду пайда кылды.

Мамытов-Матраимов байланышы

Эркин журналист Али Токтакунов менен «Factcheck.kg» сайтынын негиздөөчүсү Болот Темиров «Мамытов-Матраимов көмүскө достугу» деген кезектеги журналисттик иликтөөсүн жарыялашты.

Кыргыз жана орус тилдеринде чыккан иликтөөдө президенттин милдетин аткаруучу спикер Талант Мамытов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун байланышы тууралуу сөз болот.

Журналисттер тапкан жаңы далилдер боюнча, катардагы депутат болуп турган кезинде Мамытовдун кеңешчиси болгон Тынчтык Сулайманов аттуу адам Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын бир тууган иниси экени аныкталды.

Мамытов болсо Айеркен Саймаитинин өлүмү, бир нече жыл ичинде Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен чыгарылып кеткен 700 миллион доллар жана ага Матраимовдун аты аралашкан иштерди иликтеген депутаттык комиссияны жетектеген. Журналист Али Токтакунов бул жерде кызыкчылыктар кагылышы болгон деп эсептейт.

«Талант Мамытов Райымбек Матраимовдун бир тууган кайнисин 2019-жылга чейин өзүнө жардамчы кылып келгенин моюнуна алды, - деди ал. - Муну басма сөз кызматы тастыктады. Бирок «кеңешчиси 2019-жылы май айында Матраимовдун тууганы экени билинип калгандыктан кызматтан алынган» дегени күлкү келтирет. Ушул күнгө чейин Матраимовдун өзүн, жакындарын эч ким куугунтуктабай эле көзүнөн өөп, көкүлүнөн сүйүп келишкен да. Мамытовго Матраимовдун кайниси жардамчы болуп, Мамытовдун иниси Матраимов чеңгелдеп турган бажыга сыйлуу кызматка барып отурганы экөөнүн ортосунда бекем ымала бар экенинен, достукту мамлекеттик кызматка аралаштырып жибергенинен кабар берет. Бул деген коррупция».

Али Токтакунов муну менен депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы, анын негизинде кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтому жокко чыкканын айтып, эми ишти кайра башынан иликтеп чыгыш керек экенин билдирди.

Журналисттик иликтөөгө жооп

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен Райымбек Матраимовдун байланышы тууралуу журналисттик иликтөөгө комментарий берди.

Анын текст түрүндө тараткан билдирүүсүндө Тынчтык Сулайманов Талант Мамытовдун жардамысы болуп 2019-жылдын май айына чейин иштегени жазылган. Матраимов менен туугандык байланышы бар экендиги белгилүү болгондон кийин ал кызматынан бошотулганы белгиленген.

«Айеркен Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын ишмердүүлүгүнүн учурунда Сулайманов Талант Мамытовдун консультанты болгон эмес жана анын ишинин жүрүшүнө эч кандай таасир эте алган эмес», деп кошумчалады ал.

Кыргызстандан миллиондогон доллар акчаны чыгарып кетүүгө аралашкан Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу жагдайларды териштирген депутаттык комиссия 2019-жылдын ноябрында түзүлүп, ишин 2020-жылдын июнь айында жыйынтыктаган. Анын төрагасы Талант Мамытов комиссиянын корутунудусу тууралуу 18-июнда парламентте кенен баяндама жасаган.

Анда Кыргызстандан чет өлкөгө чыгарылган акча өлкөдөгү ири базарларда соода кылган ишкерлердики экени айтылган. Журналисттик иликтөөдө бир нече жолу аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу бир да сөз болгон эмес. Жыйында депутаттар да анын атын оозанган эмес. Тескерисинче «журналист Али Токтакунов Саймаитиден 100 миң доллар пара алган» деген эки адамдын көрсөтмөсүн жарыя кылышкан.

Кыргызстанда октябрь окуяларынан кийин Талант Мамытов ушул маселе боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп берген. Ал укук коргоо органдары Матраимовдун ишмердигин текшериши керек экенин да айтканы бар.

«Комиссиянын ишинин жыйынтыгынын негизинде Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган. Ал жерде комиссиянын негизинде алты кылмыш иши козголгон. Бажы тармагындагы, «Азаттыкта» чыккан фактылар боюнча... Мындан сырткары эки багыт боюнча: Саймаитинин өлүмү жана 700 миллион доллар боюнча гана өз көз карашыбызды айтканбыз. Бул боюнча калган аракеттер толугу менен жүргүзүлүп, укук коргоо органдарына тапшырма берилген».

«Мамытовдун ишине баа берилиши керек»

Матраимов быйыл Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин 20-октябрда кармалган.

Ошол эле күнү анын бөгөт чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, мамлекетке келтирген чыгымын толугу менен төлөп берүүгө убада бергенин эске алып, аны эч кайда кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы ошол күнү тараткан кабарда Матраимовдун кылмыштуу аракеттеринин кесепетинен мамлекет эки миллиард сом зыян тартканы аныкталганы жана ал аны төлөп бере турганы белгиленген. Райымбек Матраимов УКМКнын бул билдирүүсүнө комментарий берген эмес.

Кыргызстандын Финансы министрлиги 8-декабрда Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төккөнүн билдирди. Али Токтакунов Мамытов өлкө жетекчиси болуп турганда Матраимовдун иштери калыс тергелишинен күмөн санайт.

Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

«Мына ушундай мамиледеги адамдар бири-биринин коррупциялык иштерин акыйкат иликтеп чыга алабы? Жок. Тескерисинче аны алып чыккан журналисттерге айып коюшту. Ошондуктан бул иш кайра иликтенип чыгып, Талант Мамытовдун өзүнө моралдык да, юридикалык да баа берилиши керек», – деди Токтакунов.

Октябрь окуясынан кийин келген оомат

Талант Мамытов Жогорку Кеңеште негизи чуулгандуу иштерди иликтеген бир катар депутаттык комиссияларга мүчө болгон. Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуу боюнча, Кой-Таш окуясы, Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча комиссияларда иштеген.

Эми октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашканда алгач парламенттин төрагасы болуп, кийин саясаттагы үзөңгүлөшү Садыр Жапаров президенттик шайлоого кеткенден кийин өлкө жетекчисинин милдетин аткарып калды. Анын алдындагы эң башкы милдет катары президенттик шайлоону калыс өткөрүп берүү экенин талдоочулар белгилеп жатышат.

Мамытов 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынан талапкер болуп, алдыңка катарга жазылган. 5-октябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыккандар шайлоодо утканы жарыяланган партияларды, анын ичинде «Кыргызстанды» да добуш сатып алууга байланыштуу айыптап, аларды жарыштан четтеттүүнү талап кылышкан.

«Элдик фронт» коомдук кыймылынын жетекчиси Абдымалик Мырзаев 5-октябрдагы нааразылыкка себеп болгон партиялардын биринин мүчөсү өлкөнү утурумдук болсо да башкарып жатканын туура эмес көрөт.

«Талант Мамытовдун президенттин милдетин аткаруучу болуп турганга кымындай да моралдык укугу жок, - дейт ал. - Булар 5-октябрда болгон элдик толкундоонун башында турушкан эмес. Ошол күндөрү аянтка чогулуп, ыплас шайлоого каршы чыккан элдин бир да талабы ишке ашкан жок».

Ошентип, Талант Мамытов 14-ноябрдан бери президенттин милдетин аткарып ошол эле кезде Жогорку Кеңештин да төрагасы болуп турат. Өлкө жетекчисинин милдетин аткарып жаткандан бери ал талаштуу Конституциянын жаңы долбоорун талкуулаш үчүн Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлык чыгарды.

2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо менен кошо башкаруунун формасын аныктоо жөнүндө майзамга, Кыргызстанда мурда-кийин табылган мыйзамсыз кирешелерди, мүлктү жана бизнести мыйзамдаштырууга жол ачкан документке да койду.

«Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери Темирбек Асанбеков утурумдук бийлик колуна тийген Талант Мамытов тууралуу мындай комментарий берди:

Темирбек Асанбеков.
Темирбек Асанбеков.

«Жогорку Кеңеш Кыргызстанда легитимдүү жалгыз орган болуп калганы үчүн булар саясий компромисске барганга аргасыз болуп калышты. Болбосо бизде 3-4 саясий топ түзүлүп тополоң болуп кетүү коркунучу пайда болуп калган. Бирок моралдык жагынан караганда бул өтө оор маселе. Болгону мамлекеттеги туруктуулук үчүн кабыл алынган саясий чечим. Президенттик шайлоодо фаворит болуп жаткан талапкерге тоскоолдук кылбасын, интрига болуп кетпесин деген келишим менен бийликке келди болуш керек».

1976-жылы Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарында туулган Талант Мамытовдун кесиби юрист. Бишкектеги Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган соң 10 жылга жакын прокуратура системасында эмгектенген. Бул тармактагы эң жогорку кызматы Тогуз-Торо районунун прокурору болгон.

Мамытов 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Ата Журт» партиясынын тизмеси менен депутат болуп саясатка келген. 2012-жылы ал кездеги оппозициячыл «Ата Журт» фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов жетектеген топ Бишкекте Кумтөр кенин мамлекеттин карамагына өткөрүүнү талап кылган митинг өткөргөн. Ал башаламандык менен коштолуп, президенттик администрациянын кашаасынан ашып өтүүгө аракеттенгендер болуп, бир нече адам кармалган.

Бул ишке байланыштуу 2013-жылдын 29-мартында Бишкектин Биринчи май райондук соту Ташиевди, Жапаровду жана Мамытовду бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча соттогон. Кийин 2013-жылдын 17-июнунда шаардык сот үчөөнү тең актап, сот залынан бошоткон. Быйыл октябрь окуяларынан кийин Жогорку сот үч саясатчыны тең шашылыш түрдө толугу менен актады.

Мамытовдун 2018-жылга карата тапшырган декларациясына ылайык, ал бир жылда 758 миң сомдон бир аз ашык каражат тапкан. «Лексус 470» үгүсүндөгү машинеси бар. Кыймылсыз мүлкүн жана жакындарынын байлыгын көрсөткөн эмес.

XS
SM
MD
LG