Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:50

Шайлоо: 18 талапкер жарышка түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-декабрдагы жыйынында 18 адамды президенттик шайлоого талапкер кылып каттады.

Кыргызстандын эгемен тарыхында алгачкы жолу президенттик шайлоого 18 адам катышканы жатат. Бул - рекорддук көрсөткүч. Буга чейин 2011-жылы талапкерлердин саны 16га жетсе, 2017-жылы 13 адам ат салышкан эле.

Расмий маалыматка ылайык, төмөнкү жарандар Кыргызстандын мамлекет башчылыгына ат салышат:

  1. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
  2. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
  3. Исаев Канатбек Кедейканович;
  4. Тагаев Рашид Бакирович;
  5. Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович;
  6. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
  7. Касенов Аймен Абдыталипович;
  8. Арстанбек Мыктыбек;
  9. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
  10. Ташов Имамидин Асамидинович;
  11. Асанов Курсан Сатарович;
  12. Иманалиев Каныбек Капашович;
  13. Жээнбеков Равшан Бабырбекович;
  14. Абакиров Элдар Курманбекович;
  15. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
  16. Төлбаев Бабыржан Латиханович;
  17. Сегизбаев Абдил Кеңешевич;
  18. Жапаров Садыр Нургожоевич.

Талапкерлердин тизмедеги ордун (документти тапшыруу кезегине жараша) БШК түзөт. Тизме БШКнын расмий сайтынан алынды.

Алгач БШКга президент болуу ниетин билдирип, 65 адам кайрылган эле. Боршайком алардын 63үнүн документин кабыл алган. Президент болгусу келгендердин катары ар кандай себептерден улам суюлуп отуруп, 1 миллион сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгүп, 30 миңден кем эмес колдоочунун кол тамгасын тапшыра келгенде 20 талапкер калган. Ал эми БШК эки талапкердин: Кубан Чороев менен Кубаныч Токтосунов чогулткан кол тамгаларын жараксыз деп тапкан. Чороев Боршайкомдун чечимине макул болбой сотко кайрылды.​

Кимдер президент болгусу келет?

Кыргызстандын алтынчы президенти болгусу келгендердин арасында Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары, саясий ишмерлер, экономист, ишкерлер, мамлекеттик кызматта иштегендер жана УКМКнын мурдагы төрагасы бар. Алардын ичинен Клара Сооронкулова жалгыз аял талапкер. Курсан Асанов менен Равшан Жээнбеков болсо кылмыш ишине шектүү катары тергөө абагына камалып чыкты. Бул эки талапкер азырынча толугу менен актала элек. Мыйзам боюнча алардын шайлоого катышуусуна эч кандай тоскоолдуктар жок.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев саясий күрөш 4-5 талапкердин ортосунда боло турганын божомолдоп жатат:

Алмазбек Акматалиев
Алмазбек Акматалиев

«Кимдин фаворит экени телетаймаштар, эл менен жолугушуу башталганда так билине баштайт. Талапкерлердин баары биригип Садыр Жапаровго каршы чыга турган болуп калышты. Шайлоого анализ жасап жатканда ушуну эске алышыбыз керек. Жапаров өзүнүн добушун алат. Ал эми ага каршы чыккандардын добушу чачырап кете турган болду. Бул шайлоодо чыныгы күрөш Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, жаштардан Элдар Абакиров, Каныбек Иманалиевдин ортосунда жүрөт деп ойлойм».

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров ушуну менен үчүнчү жолу президенттик шайлоого катышканы турат. Ал 2011-жылы шайлоого келген жарандардын 15 пайызынын добушун алса, 2017-жылы добуш бергендердин 6.5% Мадумаровго ишеним көрсөткөн. Адахан Мадумаров эки жолу тең шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Улукбек Кочкоров да шайлоого экинчи ирет даярданып жатат. Ал 2017-жылдагы шайлоодо 13 адамдын ичинен алтынчы болуп келген эле. Булардан тышкары Арстан Алай деген ат менен таанымал Арстанбек Абдылдаев да соңку үч президенттик шайлоодон кала элек. Жогоруда аталган үч талапкерден башкасы ат салышта алгачкы жолу бактысын сынап жатышат.

Шашылыш шайлоонун шарттары

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун үгүт иштери 15-декабрдан 9-январга чейин жүрүп, шайлоочулар 10-январда добуш бергени келишет. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкө боюнча 2 475 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 45и чет өлкөлөрдө жайгашкан, басымдуу бөлүгү Орусияга туш келет.

10-ноябрга карата шайлоочулардын алдын-ала саны 3 544 403 деп берилди. 19-ноябрдан тартып шайлоочулардын тизмеси бардык шайлоо участокторунда илине баштаган. Добуш бергиси келген адам 29-декабрдын кечине чейин өзүн алдын-ала тизмелерден текшере алат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов негизги өзгөрүүлөр боюнча буларды айтты:

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

«№2 формасы боюнча өзгөртүү киргизилди. Анткени 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо №2 форма боюнча нааразы пикирлер көп болгон. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш атайын норма киргизген. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында аталган документ менен шайлоочунун дарегин өзгөртүү мүмкүн эмес. №2 формасын чет өлкөлөрдө жайгашкан жарандар гана колдоно алат. Алар 29-декабрга чейин тиешелүү документтерди тапшырышы керек».

Буга чейинки шайлоодо талапкер шайлоо күрөөсүн кайтарып алуу үчүн жок дегенде шайлоочулардын 5 пайызынын добушун алышы керек болчу. Азыр бул норма 1 пайызга чейин түшүрүлгөн. Ушул эки өзгөрүүнү эске албаганда бул жолку президенттик шайлоо мурдагы эле жол менен өтөт.

10-январда мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум да өтөт. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 9-декабрда шашылыш биринчи окуудан өтүп, 10-декабрда толугу менен колдоо тапты. Соңку убактарда талаш пикир жаратып, бир нече митингдерге себеп болуп жаткан референдум боюнча Абдыжапар Бекматов мындай маалымат берди:

«Референдумду азыркы түзүлүп жаткан тизме менен эле өткөрө беребиз. 10-январда шайлоочуларга президенттик кызматка талапкерлердин тизмеси жайгаштырылган жана референдум боюнча шайлоо бюллетендери сунушталат. Мыйзамга ылайык референдумдун бюллетени башка коргоо элементтери менен же башка түстө болот».

Кыргызстандын эгемен тарыхында бийликтин демилгеси менен Конституцияны алмаштыруу, өзгөртүү боюнча баш-аягы тогуз жолу референдум болуп, анын баары өттү деп табылган.

Шайлоо канчалык таза өтөт?

10-январда Кыргызстандын эгемен тарыхындагы сегизинчи шайлоо өтөт. Анын алгачкы үчөө Аскар Акаевдин бийлигине туш келет. Өлкөнүн соңку президенти Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдагы шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 54% тандоосуна татып бийликке келген. Ал 2020-жылы октябрь айындагы элдик толкундоолордон кийин кызматын тапшырып, шайланган мөөнөтүнүн аягына чейин иштебеген үчүнчү өлкө башчы болуп калды.

Жээнбековдон кийин Садыр Жапаров өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеди. Жапаров Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышып отурган лидерлерге Кыргызстанда шайлоо таза жана атаандаштыкта өтөрүн айткан.

Саясат талдоочу Каныбек Осмоналиевдин да пикири ушундай:

Каныбек Осмоналиев
Каныбек Осмоналиев

«Алдыдагы президенттик шайлоону таза утуп алган талапкер гана элдин купулуна толот. Ошондо гана элдик толкундоолор болбойт. Мурдагы жыргал заманга көнүп калган кээ бир күчтөр өз талапкерлерин өткөргөнгө аракет кылып жатат. Бирок алдыңкы көз караштагы талапкерлер мындай жолду тандаган жок. Ушул көрүнүш мени үмүттөндүрүп турат. Азыркы бийликтин таза шайлоо өткөрүп бербегенге айласы жок. Алар өткөндөн сабак алды деп ойлойм. Октябрь айындагы толкундоолор шайлоонун таза өтүшүнө түздөн-түз таасирин берет. Анткени элде революциялык маанай али кете элек».

Президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Бектур Асанов 9-декабрда БШКга кайрылышкан. Алар Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу катары шайлоого катышууга укугу жоктугун белгилеп, ошол эле учурда Жапаров өкмөт башчылык кызматтан толук кетпегени да «Шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамды бузат деп билдиришкен.

Буга чейин Клара Сооронкулова да Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда мамлекеттин эсебинен өлкөнү түрө кыдырып үгүт иштерин жүргүзгөнүн айткан эле. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-декабрдагы отурумунда Садыр Жапаровду президенттик жарыштан четтетүү тууралуу арызды канааттандырган жок.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек шайлоо алдындагы жүрүштөргө мындай баасын берди:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

«Төңкөрүштөн кийин эл башына келгендер колунун келишинче өз бийлигин бекемдеп, андан ары бийликте калуунун аракетин көрүп жатат. Алар «эл колдоп жатат» деген сөздү көп айтат. Андай болсо шайлоо өткөнчө бардык тарап макул болгон өкмөт иштеп турса болот эле да. Бирок булар эмне кылды? Буга чейин бийликтин куралы болуп келген УКМК, Башкы прокуратура же Жогорку Кеңеште өзүнүн адамдарын коюп кетти. Эми алар өз милдеттерин аткарып, административдик ресурс колдонот. Укук коргоо органдары башка талапкерлерге басым жасайт. Бул эмнеден кабар берет? Мамлекеттик машине адаттагыдай эле бийликтин талапкерине иштеп берет. Муну түшүнүш үчүн эксперт болуунун же көп акылдын кереги жок».

Борбордук шайлоо комиссиясынын айтымында, шайлоону өткөрүү үчүн 549 миллион сом өлчөмүндөгү чыгымдардын сметасы бекитилген. Эми референдумду өткөрүүгө корой турган каражаттын сумммасы эсептелип жатыптыр.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG