Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:27

Референдум мыйзамы шашылыш кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш кабыл алып, дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берди.

Башынан эле кайчы пикир жараткан долбоор 9-декабрда гана биринчи окуудан өткөн. Бир катар депутаттар документти парламентке алып чыгууда мыйзамдар, регламент бузулганын бир нече жолу кайталашты. Мыйзам долбоорун колдогондор коюлган дооматтардын баарын четке кагып жатышат.

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун эки күндө эле кабыл алып койду.

Документ 9-декабрда биринчи окуудан өтүп, 10-декабрда экинчи жана үчүнчү окуудан да колдоо тапты. Акыркы эки окууда долбоорду 60 депутат колдоду.

Ал эми төрт депутат «каршы» деп добуш берди. Алар: Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев жана Айсулуу Мамашова.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттин жыйынын алып барган вице-спикер Мирлан Бакировго кайрылып, мыйзам бузуу менен алынып чыккан долбоорду добушка койгону үчүн төрага жооп берерин алдын ала эскерткен.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«Мирлан Исакбекович, сизге. Биз «депутаттар добуш бергенине жооп бербейт» деп, «ура, ура» деп баарына добуш беребиз. Депутаттар, сиздер жооп бербейсиздер. Бирок жооп бере турган киши – төрага. Ал Кыргызстанда кызматы эң жогорку адам. Анын милдети - Конституцияны, регламентти так сактоо. Мирлан, эскертем. Бул кылмыш. Барын билесиң. Бул жолу добушка кою кутулуп кете албайсың».

Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин 55-беренесине таянып «мыйзамдарды кароодо ар бир окуунун ортосунда 10 күндөн кем эмес убакыт болуш керек» деп билдирди.

Анын сөзү боюнча, комитеттер, фракциялар макул болсо кээ бир мыйзамдар дароо үч окууда кабыл алынат. Алар: эгерде мыйзам Конституцияга каршы келип, ал Баш мыйзамга туураланса, жаңы кабыл алынган мыйзам эски мыйзамга каршы келип калса, мыйзамдын техникалык каталарын оңдогондо, мыйзамдын орусча, кыргызча текстинде ката кетсе, андан тышкары насыядан башка бардык эл аралык келишимдерди үч окууда кабыл алса болот.

Бирок референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоору парламентте мындай тартипте каралбайт.

Башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорунун автору депутат Акылбек Жапаров регламенттин ушул эле беренеси долбоорду кайра дароо эле кийинки окууга алып чыгууга мүмкүнчүлүк бере турганын айтып жатат.

«Регламентке киргизилген өзгөртүүлөрдүн баарын карап чыктым. Бул менин биринчи жазып жаткан мыйзамым эмес. Регламенттин 55-беренесине «социалдык, экономикалык абалды турукташтыруу учурунда, пандемия учурунда керек болуп калса биринчи, экинчи, үчүнчү окуулардын ортосундагы мөөнөттөрү жок эле саясий чечим кабыл алып, турмушка ашырса болот» деп так жазылган», - деди Акылбек Жапаров.

Ал «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып референдум боюнча бюллетенде элге үч суроо коюларын кабарлады. Алар: «Президенттик башкарууну тандайсызбы?», «Парламенттик башкарууну тандайсызбы?» жана «Баарына каршы». Көпчүлүк үчүнчү вариантты тандаса, анда азыркы иштеп жаткан Конституция өзгөртүлбөйт.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев мыйзам долбоорун парламентке алып чыгууда дагы башка мыйзам бузуулар болгонуна токтолду.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Венеция комиссиясы билдиргендей чын эле парламенттин мөөнөтү бүттү, президент жок. Мындай учурда парламент омоктуу, фундаменталдуу маселелерди карай албайт. Биз кабыл алып жаткан мыйзамдын долбоору өзгөчө маселеге кирет. Бир депутат Акылбек Жапаровдун сунушу менен бүтүндөй бир мамлекеттик түзүлүштү өзгөрткөнгө негиз түзүп жатабыз. Андай болсо бул долбоорго жок дегенде 80 депутат демилгечи болушу керек. Ооба, долбоорго мурдагы экс-депутат Зулушев демилгечи болгон. Ал коомдук талкууда турган. Бирок жаңы депутат аны сунуш кылгандан кийин мурунку коомдук талкуунун мөөнөтү токтойт. Биз Конституциянын 114-беренесин сактайлы десек, бул документ 15-октябрдан кийин гана талкууга коюлуп, парламентке алып келиниши керек. Комитетте талкуу болгонун эл көргөн жок».

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети мыйзам долбооруна корутунду чыгарып бергени менен комитеттин жыйыны качан, кайда болгону белгисиз. Документке добуш берүү комитетте сурамжылоо аркылуу жүргөн.

Негизи мыйзам долбоору мурдагы депутат, азыркы баш прокурор Курманкул Зулушевге таандык, ал башка кызматка кеткендиктен азыр ага Акылбек Жапаров автор катары парламентке алып чыкты.

Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорунун негизги автору Курманкул Зулушев парламенттин 10-декабрдагы жыйынына катышып, айтылып жаткан сындарга жооп берди.

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

«Бул мыйзам май айында сунушталган. Жогорку Кеңештин төрагасында турган бирок, комитетке жиберилбей калып калган. Долбоор үч айдан ашык сайтта илинип туруп элдин талкуусуна түшкөн. Мына ошол мыйзамды алып чыгып бюджетти экономдоо максатында азыркы саясий окуя (президенттик шайлоо менен чогуу) менен элдин тандоосуна коюп жаткан депутатка ыраазычылыгымды билдирем».

Референдумду колдогондор эл Конституциялык реформаны талап кылып жатканын, элге башкаруунун формасын тандоого мүмкүнчүлүк берүү зарылчылыгы тууралуу айтып жатышат.

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко кесиптештерин элдин атынан сүйлөбөөгө чакырып, бул долбоор элдин кызыкчылыгына каршы келет деген оюн билдирди.

Дагы бир депутат Дастан Бекешев Кыргызстанда мыйзамга көз жумган окуяларды сындап чыкты.

«Мыйзамды жок дегенде бир жума коё турса болмок да. Ал күн тартибине мыйзамсыз киргизилген. Сунуштарды берсек караган жок. Комитет чогулган жок. Мыйзамдын баары эле сурамжылоо менен өтө береби? Анда элден сурабай эле мыйзамдын баарын жабык режимде кабыл албайлыбы. Ансыз деле аша чапкандык болуп атпайбы. Биз түшүнүк менен жашап калдык», - деди Бекешев.

Мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбооруна президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов кол койсо анда 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлооо менен чогуу референдум да дайындалышы мүмкүн.

Бул мыйзам долбооруна каршы болгон Бишкек шаарындагы жарандык активисттер жана укук коргоочулар 10-декабрда Жогорку Кеңештин кире беришинде парламенттин депутаттарына «Маскарачылык жолун» («Дорожка позора») уюштурушту. Алар имаратка кирип жаткан депутаттарга «Наалат!» деп кыйкырышты.

Акциянын катышуучулары имараттын кире беришинде эки жакка тизилип, коридор кылып, депутаттарды сынга алган плакаттарды кармап турушту. Жарандык активисттер VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүткөнүн, референдум тууралуу мыйзам долбоорун кароого жана кабыл алууга укуксуз экенин айтышты.

Пикирлерди көрүңүз (21)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG