Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

АКШнын «кара тизмеси», кыргыз коомунун реакциясы


Райымбек Матраимов
Райымбек Матраимов

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун АКШнын «кара тизмесине» киргизилиши Кыргызстанда чоң талкуу жаратты.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бийлик Матраимовду коргобой турганын айтса, Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров "АКШнын элчиси Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат" деп билдирүү жасады.

Матраимов жана анын жакындары болсо АКШнын "кара тизмеси" боюнча комментарий бере элек.


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 10-декабрда парламентте сөз сүйлөп, АКШ "Магнитский тизмесине" киргизген Райымбек Матраимовду Кыргызстанда парламент, бийлик мактап отурганын" айтты:

«9-декабрда эл аралык коомчулук Коррупцияга каршы күрөш күнүн белгиледи. Ошол күнү АКШ өкмөтү Кыргызстандын жараны Райымбек Матраимовду "Магнитский тизмесине" киргизди. Бул тизмеге кирген адамдар менен кызматташууга тыюу салынат. Биздин парламентте аны тескерисинче колдоп, "элге кызмат кылган үй-бүлө" деп мактап отурушкан. Күч кызматтары да ага иштеген. Аны мактап, аны менен байланышкан бардык адамдар эч кандай жоопкерчиликке тартылган жок, кандай болсо ошондой эле жыргап жүрүшөт. Ал өзү да эки миллиард сом төлөй турганын айтып, тергөө менен кызматташып жатат. Бул дагы коррупциялашкан келишим».

Райымбек Матраимов 20-октябрда «Бажы системасында коррупциялык схема түзгөн» деген айып менен кармалып, бирок ошол эле күнү үй камагына чыгарылган. Анын эркиндикте жүрүшүнө өз күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга барганы жана мамлекетке келтирген 2 миллиард сомдук чыгымды төлөп берүүнү убада кылганы себеп болгон.

Матраимов иши: Эркиндиктин баасы эки миллиард сомбу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00


8-декабрдагы маалымат боюнча, Райымбек Матраимов Финансы министрлигине 773 миллион сом которгон. Иш качан сотко өтөрү азырынча белгисиз.

5-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Ал октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы соңку чечимдерине токтолуп, иштин башталышы жакшы болгону менен жетишсиз чара көрүлүп жатканын айткан. Мындан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лунун билдирүүсүнө жооп кайтарып, анда «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп сындаган.


Жогорку Кеңештин вице-спикери, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесин баштап чыккан талапкер Мирлан Бакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мамлекеттин ички ишине кийлигишип жатат деп эсептейт. Мындай пикирин 10-декабрда парламенттин отурумунда билдирди.

Мирлан Бакиров
Мирлан Бакиров

«Депутаттык комиссия иштеди. Конституциялык орган болгон парламенттин депутаттык комиссиясына да шек келтирип жатат. Депутаттык комиссия азбы-көппү иликтеп чыкты, тиешеси жоктугун аныктаган. Эгерде кандайдыр бир суроосу болсо башка жол менен кайрылып, сот менен аныктап чыкса болот. Ал биздин ички маселебиз жана парламенттин ыйгарым укуктары».

Мирлан Бакиров сөз кылып жаткан депутаттык комиссия 2019-жылы 21-ноябрда түзүлгөн эле. Алар уйгур тектүү кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу окуяларды иликтешкен. Депутаттык комиссиянын иликтөөсүндө бажыдагы коррупциялык көрүнүштөр жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдуку деген мүлк боюнча маалыматтарга көңүл бурган эмес. Анын жыйынтыгы жарыяланып жаткан учурда Мирлан Бакиров «комиссия коррупция боюнча журналисттик иликтөө элдин башын айлантууга багытталганын аныктады» деп айткан. Ал эми комиссиянын төрагасы азыркы учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов болгон.


Райымбек Матраимовго байланышкан ишти учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тергеп жатат. Алар Матраимов түзгөн Бажы кызматындагы коррупциялык схемага 40 киши аралашканын кабарлаган эле. Алар кимдер, мамлекетке канча зыян алып келген? Атайын кызмат бул суроолорго тергөө аяктаганда жооп бере турганын айтып келет.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Райымбек Матраимовду азыркы бийлик коргобой турганын билдирди.

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

«Азыр мамлекет же болбосо көзөмөл органы тарабынан эч кандай калкалоо жок. Биздин максатыбыз мамлекеттик зыянды ордуна кайтаруу, коррупцияга бөгөт коюу, кылмыш ишти тез арада тергеп сотко өткөрүү, соттон жазасын алуу болуп эсептелет. Ушул аракетте иш алып барып жатабыз».

Райымбек Матраимов же анын жакындары АКШнын «кара тизмеси» боюнча комментарий бере элек. Алар буга чейин бажыдагы былык иштерге Райымбек Матраимовдун тиешеси жок экенин айтып келген эле.

Бирок, жогоруда айтылгандай, Райымбек Матраимов 20-октябрда кармалганда күнөөсүн дароо мойнуна алып, мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп берүүнү убада кылган.

"Магнитский тизмеси" кыргыз бийлигине Райымбек Матраимовдун чет жердеги мүлкүн аныктоого жана аны ансыз да кедей өлкө болгон Кыргызстанга кайтарып келүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул тууралуу айткан саясат талдоочу Эмил Жороев азыркы бийлик тергөө ишинде АКШнын ресурстарын колдонсо болот деп эсептейт.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

«Райымбек Матраимовдун жоопкерчиликтен кутулууга аракет көрөрү турган иш. Акыркы учурда жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөр жөнүндө божомолдор пайда боло баштады. Мындан улам «Матраимовдун иши соңуна чыкпайт» деген күмөндүү ойлор пайда болууда. Бирок Кыргызстандын бийлиги АКШнын көмөгү менен маалымат топтоо, бул кишинин чет өлкөдө жайгашкан байлыктарын аныктоо, аларды өлкөгө алып келүү боюнча жетишүүгө аракет кылса болот».

"Азаттык" радиосу өнөктөштөрү менен бирге Райымбек Матраимовдун бажыдагы ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөрүн жарыялаган. Бирок мурдагы бийлик учурунда Райымбек Матраимовдун мүлкү текшерилип жатканы айтылганы менен, иш ордунан жылган эмес.

Бул жолу Кошмо Штаттардын санкциясына Райымбек Матраимовдон тышкары эки киши - Гонконгдогу «14К» деп аталган триаданын мурдагы лидери Ван Куок-Кои, либериялык саясатчы Гарри Варни Гбото-Намби Шерман да кабылган.

«Магнитский акты» боюнча кара тизмеге адамдар АКШнын Каржы министрлиги тарабынан киргизилет.

2011-жылы болсо Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн лидери, «мыйзамдагы ууру» деген криминалдык наамы бар Камчыбек Көлбаевге да санкция салган.

"Магнитский актына" киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен финансылык активдерине арест салынат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактарга да арест салынат. Ал офистин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле "кара тизмеге" илинген адамдын кызматын көрүүгө, же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.

49 жаштагы Райымбек Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары мекеменин төрага орун басарлыгын аркалаган.

"Азаттык" радиосу өнөктөштөрү менен бирге Матраимовдун бажыдагы ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөрүн жарыялаган.

Матраимов жана анын жакындары анын куру доомат экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG