Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Матраимов АКШнын «кара тизмесине» кирди


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди.

Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта “Магнитский акты” деген аталыш менен белгилүү "кара тизмеде" Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.

АКШнын Каржы министрлигинин расмий сайтына чыккан маалымат.
АКШнын Каржы министрлигинин расмий сайтына чыккан маалымат.

АКШ элчилиги санкциянын себебин түшүндүрдү

АКШнын Каржы министрлиги Райымбек Матраимовго санкция салганын жарыялаган соң Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратты.

Анда Матраимовго салынган санкция коррупцияга каршы күрөштүн эл аралык күнүндө АКШнын Каржы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офиси (OFAC) Африка жана Азиянын айрым мамлекеттериндеги жемкорлорду жана алардын байланыш чөйрөсүн көзөмөлгө алып жатканы белгиленген.

Билдирүүдө АКШнын каржы министри Стивен Мнучиндин

«Коррупцияга каршы эл аралык күнү Каржы министрлиги Африка жана Азиядагы жемкорлордун аркасынан түшүп, элдин эсебинен байып, кызмат абалын жеке кызыкчылыгы үчүн пайдалангандарды мындан ары жоопко тартуу ишин улантат» , - деген сөзү мисал келтирилген.

АКШ элчилиги “Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кеминде 700 миллион АКШ долларын аткезчилик жол менен Кыргыз Республикасынан алып чыгуу схемасына катышкан”, - деп мүнөздөгөн.

Ошондой эле бул схема бир компанияны колдонуу жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качууга жол бергени да белгиленген.

«Матраимов кызматынан пайдаланып аталган компаниянын товарларынын Кыргыз Республикасынын чек араларынан кынтыксыз өтүшүн камсыз кылган. Матраимов компаниядан түшкөн параны топтоо жана бөлүштүрүү ишин алып барган. Мындан тышкары, Матраимов бул компанияга курьерлер аркылуу накталай каражаттарды аткезчилик жолу менен чыгарып кетүүгө жардам көрсөтүп келген. Кыргызстандын укук коргоо органдары аэропортто ири суммада накталай акча ташып жаткан курьерлерге жакындаганда, алар саякаттарын улантуу үчүн Матраимовдун атын колдонушкан. Матраимов Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан пайдаланып бул бажы схемалары аркылуу жүздөгөн миллион доллар киреше тапты» , - деп айтылат билдирүүдө.

Буга кошумча элчиликтин түшүндүрмөсүндө Райымбек Матраимов «жемкорлук, анын ичинде мамлекеттик активдерди мыйзамсыз ээлеп алуу, өз кызыкчылыгы үчүн жеке менчик активдерди тартып алуу, мамлекеттик келишимдер же кен байлыктарды иштетүүгө байланышкан жемкорлук, паракорчулук менен же түз, же кыйыр алектенген, же аларга жооптуу, же катыштыгы бар учурдагы же мурдагы мамлекеттик кызматты ээлеген чет элдик жаран катары «кара тизмеге» кошулганы» айтылган.

Санкция салынган соң кандай чектөөлөр киргизилет?

"Магнитский актына" киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен финансылык активдерине арест салынат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактарга да арест салынат. Ал офистин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле "кара тизмеге" илинген адамдын кызматын көрүүгө, же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.

АКШ Кыргызстандагы бажы тармагындагы коррупцияга байланыштуу буга чейин да өз позициясын билдирип келген.

5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы соңку чечимдерине токтолуп, иштин башталышы жакшы болгону менен жетишсиз чара көрүлүп жатканын айткан.

Мындан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лунун билдирүүсүнө жооп кайтарып, анда «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп сындаган.

Азырынча Райымбек Матраимовго карата санкция салынганы боюнча Матраимов жана анын адвокаттары эч кандай комментарий бере элек. Ошондой эле Кыргызстандын расмий органдары да билдирүү тарата элек.

Райымбек Матраимов ким?

49 жаштагы Райымбек Матраимов 1997-2017-жылдары Кыргызстандын Бажы кызматында иштеген. Ал 2015-2017-жылдары мекеменин төрага орун басарлыгын аркалаган.

"Азаттык" радиосу өнөктөштөрү менен бирге Матраимовдун бажыдагы ири коррупциялык иштерге тиешеси бар экенин ачыкка чыгарган бир канча журналисттик иликтөөлөрүн жарыялаган.

Матраимов жана анын жакындары анын куру доомат экенин айтып келет.

20-октябрда Улуттук коопсуздук комитети Матраимовду кармап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин уланып келатканын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду 2 миллиард сом мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирип, тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

8-декабрда Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, Матраимов мамлекетке жалпысынан 773 миллион сом төктү.

"Магнитский акты" деген эмне?

"Магнитский акты” - 2012-жылы адам укуктарын жана мыйзамдарды бузган адамдарга карата санкцияларды киргизүүгө укук берген АКШда кабыл алынган мыйзамдын аталышы.

Ал түрмөдө каза болгон орусиялык адвокат Сергей Магнитскийдин урматына аталган. Башында АКШ орусиялык аткаминерлерге гана санкция киргизүүнү пландаса, кийинчерээк башка өлкөлөрдө да адам укуктарын бузгандарды "Магнитский тизмесине" киргизип келет.

Бул акттын негизинде АКШ президенти 2017-жылы 20-декабарда жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Кошмо Штаттары адам укуктарын бузгандарга же жемкорлукка аралашкандарга чара көрүү максатын көздөйт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG