Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

Күч түзүмдөрүнүн күмөн жараткан күрөшү


Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимов.
Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимов.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев жаңы бийликтин коррупция жана криминал менен күрөшүн кескин сындап чыкты.

Кеңешбек Дүйшөбаев 27-октябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун, кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевдин кармалышын «театрлашкан шоу» деп баалады:

«Биздеги «коррупция жана криминалитет менен күрөшүп жатабыз» деген иш-чаралардын баары эле театрлашкан шоуга айланып калды. Мисалы, коррупция багытында Райымбек Матраимов жөнүндө көп сөз болду эле – 700 миллион доллардын чыгарылып кетиши тууралуу «Азаттык» жүргүзгөн иликтөө, эл аралык жүк ташуудагы ар кандай иштер жана соода тармагындагы көмүскө схема жөнүндө. Жакында эле көрдүңөр, аны кармап, сурактан кийин чыгарышты. Ошол жерден «Матраимов күнөөлүү экен, анын кылмыш ишинен мамлекетке эки миллиард сом зыян келиптир, 80 миллионун төлөй баштады» дешти. Матраимовго буга чейин бир да кылмыш иши козголбосо, анда каяктан жүрүп анын күнөөсү такталды? Ким тактады? Кантип тактады? Элге чыгарышпайбы, ошону. Бүгүнкү күндө Матраимов күнөөлүү деген айып коюла элек да».

Генерал Дүйшөбаев Матраимовго байланыштуу кылмыш ишинин чоо-жайы ачыкка чыгарылбай жатканын белгиледи. Ал президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун «Матраимов боюнча өзүм чечим кабыл алдым» дегенин сындап, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары жөнүндө суроону кабыргасынан койду:

«Ал киши, эмне, прокурорбу? Сотпу? Тергөөчүбү? Конституцияда анын андай ыйгарым укугу жок да. Укуктук негизге бул канчалык жатат?»

Дүйшөбаев басма сөз жыйынында бийликти «өлкөдөгү көйгөйлүү маселени чечүү менен эмес, орун талашуу менен алек болуп жатат» деп айыптады. Ошондой эле азыр да криминал өлкөдөгү май талкан жерлерди ээлеп алганын айтып, жакында кримтөбөл деген Камчыбек Көлбаевдин эркиндикке чыгары жөнүндө маалыматы бар экенин билдирди.

Кеңешбек Дүйшөбаевди Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кетер алдында 15-октябрда дайындаган болчу. Президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров аны кызматтан алганы 27-октябрда жарыяланды. Дүйшөбаев 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы болуп турган.

Азырынча президент жана өкмөттүн аппараты Дүйшөбаевдин айткандары боюнча үн ката элек. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда коррупцияга жана криминалга каршы күрөш күчөй берерин билдирип, «Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин «бийлик уюшкан кылмыштуу топтор менен келишип алган» деген билдирүүсү чындыкка дал келбейт» деген жооп кайтарды. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов мындай деди:

«УКМК коррупцияга жана криминалга каршы кызуу күрөшүүдө. Бардык иш-чаралар мыйзам чегинде уюштурулуп жатат. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жоюу, келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана криминалдык көрүнүштөрдү жок кылуу боюнча тийиштүү иштер жасалууда».

Атайын кызмат 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармап, ошол эле күнү ал соттун чечими менен үй камагына чыккан. УКМК Матраимов тергөө менен кызматташууга, мамлекетке келтирилген эки миллиард сом чыгымды төлөп берүүгө даяр экенин жарыялаган. УКМК Матраимов төлөп берчү чыгымдын 80 млн. сомун которгонун билдирген. Бажы тармагында 40тай адам катышкан коррупциялык система түзүлгөнү аныкталганын кабарлаган. Бирок азырынча бажы тармагындагы коррупцияга шектүү катары дагы канча киши кармалганы белгисиз.

Матраимов кармалган эки күндөн кийин «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында кармалган. Атайын кызмат кримтөбөлдүн кармалышын баштан-аяк видеого тартып, коомчулукка жарыялаган болчу. Учурда Көлбаев «Кылмыштуу топ түзүү» беренеси менен шектүү катары УКМКнын тергөө абагында отурат.

Кылмыш дүйнөсүндө жана бажы тармагындагы коррупциялык иштерде аты чыккан чуулгандуу эки кишинин кармалышы ар кандай кептерди жаратты. Айрымдар муну мурунку бийлик тушунда коомчулуктун талабы болуп келген коррупция жана криминал менен күрөшүү ишараты катары сыпаттап, жаңы бийлик саясий упай топтоого аракет кылууда деп сындашат. Иликтөөчү журналист Болот Темиров бул иштердин аягына чыгаарына ишенбей турат.

«Мага да шоу катары сезилди. Матраимов боюнча эки млрд. сом чыгым дегенди кайдан алышты? Көлбаевди колунан жетелеп чыкканы күлкүнү келтирет. Атамбаевге террорист кармагандай барышкан. Көлбаев Атамбаевден коркунучтуу киши да. Ой жүгүрткөн адамга мындай кадамдар шоу катары эле көрүнөт», - деди Темиров.

Парламенттик шайлоодо «Мекенчил» саясий партиясынан талапкер болгон активист Бактыяр Калпаев учурдагы бийликтин коррупция, криминал менен аёосуз күрөшү улантыла турганына ишенет.

«Канча жылдан бери кармалбай келген Матраимовду кармап, акча өндүрүү аракеттери башталды. Ошол эле маалда Көлбаев камалды. Эми иш жаңы башталды. 30 жылдан бери тамырлашкан система менен күрөшүү оңой эмес», - деди Калпаев.

6-октябрдагы окуялардан кийин бийликке келген Садыр Жапаровду саясий оппоненттери криминал менен байланыштырып сындап келишет. Жапаров эч кандай кылмыштуу топтор менен байланышы жок экенин айтып, дооматтардын баарын четке каккан.

Жогоруда кеп болгон Райымбек Матраимов коомчулукта «Раим миллион» деген каймана аты бар.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген.

Ал эми кримтөбөл катары таанылган Камчыбек Көлбаев 46 жашта. Ал 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG