Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Грузияда 20дай «мыйзамдагы ууру» соттолгон


Грузин полициясы
Грузин полициясы

Грузиянын мамлекет жана укук институтунун профессору, эл аралык эксперттердин курамында Кыргызстанда бир нече изилдөө жүргүзгөн Георгий Глонти менен маек.

22-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаевди кармады. Ага Жазык кодексинин «Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу» беренеси менен айып коюлууда. Акыркы күндөрдө Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго каршы маанай күчөп, алар бийлик менен жуурулуп кетиши мүмкүн деген чочулоолор айтылып келет.

Уюшкан кылмыштуулуктан кантип арылса болот? Грузияда андай күрөш кандай жүрдү эле? Биздин суроолорубузга Грузиянын мамлекет жана укук институтунун профессору, эл аралык эксперттердин курамында Кыргызстанда бири нече изилдөө жүргүзгөн Георгий Глонти жооп берди.

- Сиз Кыргызстанда бир нече укуктук, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка байланышкан маселелерди изилдеп, акыркы жолу 2015-жылы барыптырсыз. Уюшкан кылмыштуу топтордун табияты ошондон бери канчалык өзгөрдү дейсиз?

- Менимче, өзгөргөн деле жок. Кыргызстандагы окуяларды байкап жатам. Менин пикиримде, азыр да ошол эле кландардын кастыгы кала берүүдө. Эң негизгиси - бийлик кырдаалды жөнгө салууга канчалык аракет көрбөсүн, майнап чыкпагандай сезилет. Бул жерде бир нече фактор бар. Мисалы, жакырчылыкка байланышкан факторду атасак болот. Башкача айтканда, материалдык абалдын начарлашы, жокчулук, жумушсуздук адамдарды башка жерлерден киреше табууга түртөт. Ал эми кылмыштуу топтордун салтуу түрдө киреше булактары ар дайым бар болгондуктан, алардын катарына көбүрөөк киши кошулат.

Анан маселелер мыйзам алкагында эмес, түшүнүктөр боюнча чечилип келет. Бийлик кылмыштуулук менен күрөшүүгө жетиштүү көңүл бура албаса, айрым кишилерге артыкчылык берилип, аракеттери көз жаздымда калса, башкалары буга каршы чыгат да, чыңалуу кала берет. Кылмыштуу топтор туруксуз аймактарды издеп, ошондой жерлерде түптөлүп калат.

- Айрым жетекчилер менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү жуурулушуп кеткен учурлар жөнүндө да айтылып жатат. Айтсаңыз, айрым саясатчылар ошол кылмыштуу топторго өздөрү кайрылабы же тескерисинче, ал адамдар барып саясатчылардын колдоосун издешеби?

- Мен Грузиянын мисалында айтып бере алам. Айрым саясатчылар шайлоодо жеңиш үчүн андай топтордун таасирин пайдаланган учурлар болгон. Башкача айтканда, белгилүү бир райондордо мурда өздөрү кылмыштуу аракеттерге аралашкан же азыр да кылмыштуу дүйнө менен байланышы бар адамдар шайлоодо добуш топтоого жардам берчү. Калк арасында үгүт иштерин жүргүзүп, кээ бирде коркутууга, зомбулукка чейин да барышчу. Анан алардын көмөгү менен тигил же бул кызматка дайындалган аткаминерлерден «карызын» кайтартып, көптөгөн артыкчылыктарга ээ болушчу.

- Демек, жоопкерчилик негизинен саясатчыларга жүктөлөт экен да?

- Албетте, бардык нерселерди саясатчылар чечет. Уюшкан кылмыштуулук тууралуу саясатчылар ар дайым кабардар. Андай кримтөбөлдөр, уюшкан топтор өз кылмыштуу ишмердигин жүргүзүш үчүн жетиштүү таасири болушу керекпи?

Муну жана башка көптөгөн маселелерди жетекчилердин саясий эрки аныктайт. Себеби, кылмыштуу иштер жашыруун, тымызын эмес, ачык эле жүргүзүлөт. Андыктан калайык ал жөнүндө билет, ар бир райондо бардык маселелерди чече алган авторитетти, зарыл болгондо кайрыла турган, мындайча айтканда «көзөмөлдөөчүнү» таанышат.

- Мындай терс көрүнүштөн арылыш үчүн эмне кылыш керек?

- Биринчи кезекте саясий эрк керек. Себеби Кыргызстандын мыйзамдарында уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн жакшы, олуттуу механизмдер каралган. Бул жагынан алганда Жазык кодекси катаал эле. Маселе конкреттүү адамдарга барып такалат. Аларга кылмыштуу топтор менен байланыштар канчалык маанилүү?

Себеби, уюшкан кылмыштуу топтор, «мыйзамдагы уурулар», кримтөбөлдөр болобу, биринчиден, бийликти кармап туруш үчүн керек болот. Экинчиден, андай топтор алардын жашырылган, мыйзамсыз киреше булагына айланып калат. Үчүнчүдөн, бизнесин иштетүү, башкалардан коргоп, калкалоо үчүн пайдаланышат. Бул абдан олуттуу байланыштар. Алсак, Кыргызстанда алтын кендериндеги ишканалардын кээ бирлери ишин таза эмес жүргүзөт окшойт. Мага муну 2015-жылы эле айтышкан. Жада калса мага да, Еврошаркеттин эксперттери менен барганымда алтын сатып алып, өлкөдөн чыгарып кетүүнү сунуш кылышкандар болгон. Ушунчалык акылга сыйбас көрүнүшкө өз көзүм менен күбө болгом. Кыскасы, айрым кылмыштуу уюмдардын көмөгү менен өлкөнүн байлыгы таланып, сатылып жаткандай. Менимче, азыр деле ушундай нерселер уланып келатат.

- Саясий эрк дегенде сиз биринчи кезекте кимдерди айтып жатасыз?

- Бул өзүнчө бир чынжыр деп айтсам болот. Өлкөнүн биринчи адамдары адатта кылмыштуу топтор менен түздөн-түз байланышта болбойт. Аларга анын кереги да жок. Менимче, муну менен биринчи кезекте Ички иштер министрлигиндеги айрым кызыкчылыгы бар адамдар алектенет. Көп учурда уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмдөрдө иштегендердин байланыштары болот. Жана дал ошол адамдар кимди түрмөгө отургузуп, кимисин калкалап, көтөрмөлөш керек экенин чечет.

Алар маалыматы жок деп актана албайт. Кыргызстан - андай деле чоң өлкө эмес. Баары бири-бирин жакшы билет, тааныйт. Кылмыштуу дүйнөдөн чыккан кайсы бир адамдар тууралуу «кабарыбыз жок» дешсе - демек ал адамдар ошол милиция кызматкерлерине пайдалуу деген кеп.

Ички иштер министрлигиндеги ошол бөлүмдөр, айрым кызматкерлер саясий бийлик менен байланыштырган звено болот. Айрым учурда туугандар же башка кишилер аркылуу байланышат. Бирок албетте, президент же парламент мүчөлөрү менен түздөн-түз байланышпайт. Бирок алар бардыгынан кабардар болот, бардыгын жакшы билишет. Кайсы бир себептерден улам саясий эрк көргөзүшпөйт жана коомду ошол кылмышкерлерден тазалашпайт.

- Грузияда бул жараян кандай жүрдү эле?

Грузияда СССР учурунан бери белгилүү болгон бир катар «мыйзамдагы уурулардын» чоң-чоң виллалары мамлекеттин пайдасына алынган. Бул аларга чоң сокку урган. Экинчиден, «мыйзамдагы ууруларды» түз эле кармап, уюшкан кылмыштуу топту жетектегендиги үчүн эле айып коюлуп жатты.

- Бизде 2005-жылдан бери системалуу түрдө иштер жасалып келди. Адегенде уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы өзүнчө мыйзам кабыл алынган. Анда укуктук конкреттүү чаралардан тышкары экономикалык чаралар да белгиленген. Италиянын Палермо шаарындагы же АКШдагы мафияга каршы мыйзамдардын версиясы иштелип чыгып, алардын тажрыйбасын пайдаланганбыз.

Атап айтсам, кылмыштуу топторду уюштургандарга, рэкетирлерге каршы экономикалык чара көрүлгөн. Ал адамдар мүлкүн, байлыгын рэкет, опузалоо, зомбулук, шантаж аркылуу топтогону белгилүү болсо, анда ошол мыйзамга таянып мүлкү конфискацияланчу. Алар менен байланышта болгон адамдардын мүлкү да конфискацияланчу.

Себеби, ал мүлк жакын туугандарына да эмес, айдоочу, кайтаруучу өңдүү үчүнчү бир адамдарга катталып келген. Грузияда СССР учурунан бери белгилүү болгон бир катар «мыйзамдагы уурулардын» чоң-чоң виллалары мамлекеттин пайдасына алынган. Бул аларга чоң сокку урган. Ошону менен Грузияга агылган мыйзамсыз акчанын агымы азайган.

Экинчиден, «мыйзамдагы ууруларды» түз эле кармап, уюшкан кылмыштуу топту жетектегендиги үчүн айып коюлуп жатты. Күбөлөр табылса, анда уурулардын кланына мүчө болуу деген айып коюлчу. Мурда андай норма жок эле. Ал адам укуктарын бузууга жакын болчу, бирок көп өлкөлөрдө андай норма каралган, себеби кылмышкерлер менен күрөшүүдө натыйжалуу практика экенин көргөзө алды. Бизде 20дай «мыйзамдагы ууру» ушул нормага ылайык соттолгон. Андан тышкары аларга көмөктөшкөн, мисалы абакта отурган ууруларга деп акча чогулткан адамдарга каршы да чара көрүлгөн. Муну менен кылмыштуу чынжырды үзүү же токтотуу мүмкүн болду.

- Коомду бир аз болсо да ошол кылмыштуу топтордон тазалоо канча убакытка созулду?

- Салыштырмалуу тез эле болду. Бул ишке батыл киришсе, жарым жыл ичинде майнап чыгат. Кылмыштуу кландар өлкөдөн өздөрү эле чыгып кетет. Себеби алардын максаты болгон киреше табуу каналдары буулуп калат. Башкаларга да бул зона коопсуз эмес деген сигнал болот.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай - аларды түрмөдө башка айыпкерлерден бөлүп кармашкан. Мыйзамдагы уурулар үчүн өзүнчө түрмө курулган. Муну менен алар жабык жайларда өз тартибин орнотуп же жаштарды өздөрү билгендей тарбиялап, ал жактан эркиндиктеги өнөктөштөрү аркылуу кылмыштуу ишмердикти башкара албай калышкан. Кыскасы, обочодо калышкан. Бул да натыйжалуу фактор болду.

XS
SM
MD
LG