Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Кыргыз саясаты жана кылмыш дүйнөсүнүн изи


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Парламенттин вице-спикери Аида Касымалиеванын коркутууга туш болгону тууралуу билдирүүсүн Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев четке какты.

Ал парламенттин 10-октябрдагы жыйынында депутаттарды коркутпаганын айтып, уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы тууралуу маалыматтарды да төгүндөдү.

Акыркы окуялар Кыргызстанда парламенттик шайлоодо, андан кийинки башаламандыкка кылмыштуу топтор кызуу аралашып жатканы боюнча талкууну күчөттү.

Депутаттар кысым болгонун кабарлады

Парламенттин вице-спикери, Жогорку Кеңештин VII чакырылышын шайлоодо «Биримдик» партиясынан талапкер болгон Аида Касымалиева депутат Урматбек Самаевди айыптады. Ал 10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйында Самаев «добуш бересиң» деп коркутканын, мындай опузага башка депутаттар да кабылганын айтты.

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

«Депутаттардын көпчүлүгү, жок дегенде 61 депутат ошол жыйында отурушу керек эле. Мен барда 46 депутат отурган. Алты ишеним кат. Бирок мен чыгып кеттим. Себеби, биз бир сааттан ашык отуруп калдык. Кворум такыр болбой жаткан. Мен катышкым келген жок. Анткени, башынан эле мыйзамсыз болоруна көзүм жетти. Анын үстүнө ошол жерде «силер ушул жерге келесиңер, добуш бересиңер» деп депутат Урматбек Самаев коркутуп жүрдү. Мени да коркутту. Аттарын айта албайм, бирок бир топ депутаттар чыгып баратканда кайра ордуна келтирип атты. Ар кимге чалып, «келесиңер, добуш бересиңер, болбосо каршы добуш бергендерди үйүңөргө чейин барып тытмалап кетебиз» деген сөз болду».

Аида Касымалиева бул аракеттер кворум чогултуш үчүн болгон деп эсептейт. Мыйзам чыгаруу органынын жетекчилеринин биринин мындай ачык билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Ушундай эле сөздөр 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында депутаттардын бир бөлүгү жыйын өткөргөндөн кийин да айтылган. Анда парламенттин жаңы спикерин шайлоо жана премьер-министрликке талапкер көрсөтүү маселеси каралган. Аида Касымалиева «Фейсбуктагы» баракчасына ошол жыйында Садыр Жапаров менен Урматбек Самаев жанаша отурган сүрөтүн жарыялады.

7-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн тынчтык митингинде депутат Жанарбек Акаев да кворум болушу үчүн уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү депутаттарды коркутуп жатканын билдирген:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«"Достук" мейманканасында өкмөттү курап, бийлик бөлүшүп жаткандар - «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстан» партияларынын мүчөлөрү. Жыйынга 30га жетпеген депутат катышты. Алардын айрымдарын криминал коркутуп алып барды. «Жаңы өкмөттү курайм» дегендер келе элек жатып криминал менен коюн-колтук алышты. Алар үйүбүзгө чейин келип коркутуп жатышат. Эмне деген заман болду!?».

«Чемпион» атыккан Самаев ким?

Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев вице-спикер Аида Касымалиеванын билдирүүсү боюнча «Азаттыкка» комментарий берип, Касымалиеванын дооматтарын четке какты:

«Аида Касымалиева менен бир эле жолу жолуккам, жанында депутаттар бар болчу. Түз эфирде көрсөтүлүп жатты. Аида Касымалиева менен сүйлөшпөсөм, же жалгыз бир жакка колунан сүйрөп баратсам бир жөн. Эмнеге андай кылып жатат, билбейм. Буга чейин деле мамилем түз болчу. Депутаттардын эң жашы болсом, баарын көтөрүп баргыдай алар оокат же буюм эмес да. Ар биринин ою, артында кишилери бар».

Урматбек Самаев Кыргызстандагы саясий кризис учурунда парламенттин эки жолку кезексиз жыйынына тең катышты. Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитетинде төраганын орун басары болгону менен маанилүү маселелерди көтөргөн жигердүү депутаттардын катарында эмес. Анын уюшкан кылмыштуу топторго катышы бар экени утур-утур айтылып келет. Ал өзү криминалга тиешеси жок экенин, мурда кийин кылмыш кылып милицияга да түшүп көрбөгөнүн айтып жатат. Ал эми «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев менен тааныштыгы тууралуу мындай деди:

Урматбек Самаев.
Урматбек Самаев.

«Ал киши (Камчы Көлбаев) ат чабат, улак тартат. Көргөн жерден учурашып калабыз. Мен «Көк бөрүнүн» вице-президенти, «Аргымактын» президенти болгом. Тааныбайм деген жерим жок. Бирок, алардын буйругу менен иш кылган жерим жок».

«Чемпион» каймана аттуу Урматбек Самаевдин ысымы 2019-жылдын январында Токмокто аткезчилик менен алектенген эки топтун атышуусу деп катталган окуяда аталган. Жабыркагандардын бири аны «Чемпион» атыккан депутаттын Дастан деген тууганы атканын билдирип чыккан. «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев «Самаев тууралуу айрым маалымат каражаттары туура эмес кабар таратууда» деп, «Самаев эч убакта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болбогонун айта алам» деп коргогон. Депутат өзү «Чемпион» кайман аты спортко байланыштуу коюлганын кабарлаган. Самаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынан 21-катарда катышкан. Канатбек Исаев «Азаттыктагы» акыркы маегинде Самаев «Кыргызстан» партиясынан чыкканын айтты.

«Мафия бийликке умтулууда»

9-октябрда Ала-Тоо аянтында өткөн митингде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Бабановдун тарапташтары менен Садыр Жапаровдун тилектештеринин кагылышуусунда ок атылган. Атамбаевдин автоунаасын аткан адам ушул күнгө чейин табыла элек. Бул соңку окуяларга кылмыштуу топтор аралашканы тууралуу күмөн ойлорду күчөттү.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары, Кыргызстандагы башаламандыкта күч тармагын убактылуу координация кылып турган Өмүрбек Суваналиев шайлоо алдында эле өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор бийликке умтулуп жатканын эскерткен. Алар партияларды түзүп шайлоого баратканын, бул жакшылыкка алып келбей турганын кайталап келаткан. Суваналиев шайлоодо жана андан кийинки тоз-тополоңго криминал аралашканын четке какпайт.

Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

«Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор аябай күчтүү, - деди ал. - Алар коррупционер чоңдор менен кошулуп мафия болуп алышкан. Ошондуктан криминал бийликке келүүгө аракет кыла баштадты. Себеби, аткаминерлер алардын алдында иштеп калышкан. Кайсы жерди караба, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү толтура. Бирок муну ачык айтып чыгуудан баары коркот. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү депутаттарга «добуш бересиң» деп коркутканы тууралуу маалымат чындыкка жакын. Бирок так факты жок болуп калды. Себеби, убакыт аз эле».

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн кылмыштуу уюшкан үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

Алардын ичинен эң активдүү катары «Коля Кыргыз» деген каймана ат менен белгилүү Камчы Көлбаевдин тобу көп сөз болуп келет. 46 жаштагы Көлбаев бир нече жолу оор кылмышы үчүн кесилип, акыркы жолу 2014-жылы түрмөдөн бошогон. АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Кыргызстандагы соңку окуялар учурунда «Көлбаев Ала-Арча резиденциясына бараткан жолдо ыктыярчылар тарабынан токтотулду» деген тасма тарады. Андан Көлбаевге окшош кишини көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG