Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Эркебаев: Абалды жөнгө салбаса, кризис тереңдейт


Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

Кыргызстанда саясий кырдаал калыбына келе элек. Бишкекте ар кыл саясий топтордун митингдери кагылыш менен аяктады. Мындай кырдаалдан чыгуунун кандай жолдору бар? Бул суроонун тегерегинде Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Абдыганы мырза, Кыргызстандагы саясий абал толугу менен турукташпай, бийликтин вакууму калыбына келе элек. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков бир катар билдирүүлөрдү жасап, премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөттү отставкага кетирди.

Бирок аянтта бир нече саясий күчтөрдү колдогон митингдер өтүп, айрым кагылышуулар орун алууда. Мына ушундай шартта кырдаалдан чыгуунун жолу катары эмнелерди көрүп жатасыз?

Эркебаев: Мен качан да болсо мыйзамдуулук, конституциялык тартипти сактоо тарабындамын. 2005, 2010-жылдары, азыр да ушундай чакырыкты айтып жатам. Буга чейин өзүм да, мен жетектеген Кыргызстан Элдер ассамблеясынын атынан, бүгүн болсо Медеткан Шеримкулов менен бирге элге, учурдагы бийликке, саясий партиялардын жетекчилерине бир нече билдирүү жасадык.

Анда биз үчүн эң башкы байлык - өлкөнүн тынчтыгы, мекендин бүтүндүгү, аймак аралык араздашууну козутуу же муундар ортосундагы түшүнбөстүк жаратуу сыяктуу аракеттер болбойт деп айттык. Айрыкча, бийлик талашып ар кайсы жерге топтолуп, бөлүнүп, өкмөт башчылыкты талашып жатканына карышыбыз.

Баары мыйзам жолу менен болушу керек. Учурда президент менен парламент легитимдүү, эч ким кетирген жок. Мен кечээ да, бүгүн да айттым, президент менен парламент легитимдүү болсо да өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтө албай жатат.

Эң кур дегенде, парламент кворум чогултуп, мыйзамдуу түрдө сессия өткөрүп, жаңы өкмөт курашы керек. Бул жагынан кечээ Медеткан Шеримкулов депутаттарга “шайлоо алдында элге убада бересиңер, керек учурда сай-сайлап качып кетесиңер” деп катуу айтты.

Мен дагы ошондой ойдомун. Депутаттар кандай гана кыйын кырдаал болбосун келип, өлкө кыйын мезгилде турганда эл өкүлү, депутат экенин көрсөтүшү керек. Ушундайда билинет. Мисалы, 1990-жылы кыйын күндөрдө депутат катары ошондой иштерди жасаганбыз. Эгерде бүгүн-эртең бул иштердин баары мыйзам жолу менен бүтпөсө, анда ырбап, кимдин кара күчү, жыйнаган эли көп болсо, каптап кирип, басып алмайлар улана берет. Бул абдан кооптуу жагдай.

Бүгүн Борбор Азиядагы бир тууган өлкөлөрдүн президенттеринин кайрылуусун окудум. Ачык айтканда уят болуп жатабыз. Шайлоого катышкан 16 партия лидерлери өз дымактарын өлкө үчүн жыйыштырып, өз ара сүйлөшүп, бир пикирге келсе жакшы болмок.

9-октябрда Роза Отунбаеванын демилгеси менен абалды жөнгө салуу боюнча дагы бир топ уюштурдук. Биз президент жана парламент келишип, бирөөнү шайласын. Бирок Садыр Жапаров “мен президенттин милдетин аткарам” деп, Өмүрбек Бабанов же Тилек Токтогазиев премьер болорун айтып жатышат. Андай эмес, 2010-жылдагыдай техникалык өкмөт түзүү зарыл.

Анын башчылыгына парламенттик же президенттик шайлоого барбаган, өлкө үчүн колунан келишинче экономиканы оңдоп, пандемияга каршы чараларды, кышка карата камылга көргөн киши керек. Ал эми дымагы чоң, президент болом, кийин туруктуу өкмөт башчы, депутат болом дегендер шайлоого кетсин.

Азыр кыска мөөнөткө калыс, нейтралдуу өкмөт түзүп, анын башына элди ойлогон азамат келиши керек. Башка жол жок. Эгер бүгүн, эртең чечилбесе, созулуп кетет. Анын үстүнө дагы бир өтө чоң коркунуч бар. Эми элибизге ачык эле айтайын: алыс-жакындагы сырткы күчтөр жанданып, канчалык Кыргызстанга жаман болсо, аны өз пайдасына колдонгусу келгендер бар. Алардын чалгын кызматтары иштеп жатканы жашыруун эмес.

“Азаттык”: Кыргызстанды укуктук талаага кайтаруу үчүн жалгыз легитимдүү орган парламент экени айтылып жатат. Ал үчүн жоопкерчиликти сезиши абдан маанилүү. Азыр чогулбай жатканына эмне себеп болууда?

Эркебаев: Эң маанилүүсү ушул. Жогорку Кеңеш сөз жүзүндө эмес иш жүзүндө патриот экенин көрсөтүшү керек. Шайлоонун алдында тим эле өлкөнү гүлдөтөм деп көкүрөгүн каккылагандар, мына эми өлкөнү сүйгөнүн көрсөтсүн. Эң эле башкы маселе, жок дегенде чогулуп, өкмөт куруп беришсин. Ар кимиси, ар кайсы жакка бөлүнүп, эки-үч топ болуп жүрөт. Элибиз деле ушундай кырдаалда кимдин ким экенин көрсө болот.

“Азаттык”: Өзүңүз белгилегендей, интеллигенция, мурдагы жетекчилер абалды жөнгө салуу боюнча ортомчу болуу демилгесин көтөрүп жатышат. Бул демилге канчалык салым кошот жана ишке ашат?

Эркебаев: Бүгүн Роза Исаковна, Бектур Асанов, Орозбек Молдалиев, Кемел Ашыралиев сыяктуу коомдук ишмерлер, жаштар болуп 15тей адам чогулуп, кайрылдык. Бизге эч кандай кызмат же бийликтин кереги жок. Биз ортомчу катары президент, парламент жана партиядагы тың чыкмалар менен сүйлөшүп, ынтымакка чакырып, техникалык өкмөттү түзгөнгө шарт түзөлү деген аракет болуп жатат. Калгандары шайлоого катышса катышсын. Азыр президент, парламентти кет дегенди кое туруп, кеңири талкуу менен маселени чечүү керек.

“Азаттык”: Ушул жерден президенттин аракеттери жөнүндө сурагым келип атат. Бүгүн өкмөттү отставкага кетирди, кырдаал оңолсо, кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. Бирок эл алдына чыга элек. Дагы кандай кадамдарга барышы керек?

Эркебаев: Бүгүнкү кадрдык дайындоолору өкмөттүн айланасындагы маселенин башын ачкандай болду. Буга чейин Бороновдун өкмөтүнүн арыз жазганы белгисиз болуп келген. Бүгүн өкмөттүн кандай макамда экени белгилүү болду. Эми жанагы мен премьер-министр болдум деген кыйкыргандардын мыйзамсыз экени ачыкка чыкты. Бош орунга аракет кылып, сунуш беришсин. Аны Жогорку Кеңеш карап, бекитиши керек. Бул жерде президент да алыстан туруп эле байкоочу болбой, иш кылсын. Буга чейин парламент өз убагында аракет көрбөгөнү үчүн саясий жоопкерчилик, түпкүрүндө юридикалык жоопкерчилиги бар. Кечээтен бери иштегиле, абалды жөнгө салуу үчүн аракет көргүлө деп чакырып жатам.

Кыргызстан кризистен кантип чыгат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:36:11 0:00

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG