Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 14:28

Коңшу мамлекеттердин лидерлери Кыргызстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирүүдө


Бишкектеги митинг. 8-октябрь, 2020-жыл.

Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикистандын жана Түркмөнстандын президенттери Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу биргелешкен билдирүү жарыялашты.

Билдирүүдө: «Бир тууган Кыргызстандагы окуялар бизди кабатыр кылууда. Бизди кыргыз эли менен достук, кошуналык, маданий жана тарыхый баалуулуктар байланыштырып турат. Жакынкы кошуна катары кыргыз элин өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого чакырабыз. Бардык саясий партиялар жана коомдук чөйрөлөр маселени Конституцияны жана башка мыйзамдарды сактоо менен чечет деген үмүтүбүз бар. Кыргызстандын тынчтыгы жана коопсуздугу – жалпы Борбор Азиянын коопсуздугу. Биздин өлкөлөрдүн тарыхы бир, келечеги да чогуу курулууда», деп жазылган.

Президенттер ошондой эле билдирүүдө жалпы максаттарды ишке ашырыш үчүн мамлекеттер аймакта соода-экономика, инвестициялык, транспорт-коммуникациялык жана маданий-гуманитардык, чек ара жана аймактар аралык кызматташтыкты бекемдеп келе жатканы жазылган. Мындан тышкары жалпы Борбор Азия өлкөлөрүнүн тилектештиги үчүн дайыма Кыргызстандын элин ынтымак, тынчтык, өсүп-өнүгүү жолунда колдоого алары кабарланган.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң жаралган кризис тереңдеп баратат. 5-октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрүнүн митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын ээлеп алышкан.

Андан бери президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен эл алдына чыга элек. Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болуп саналган парламент жаңы өкмөттү түзүш үчүн чогула албай жатат. 10-ноябрга караган түнү Сооронбай Жээнбеков өлкөдө абал турукташып, мыйзамдуу бийлик органдары куралган соң кызматын тапшырууга даяр экенин билдирген.

Ушу тапта Бишкекте парламенттин бир катар депутаттары премьер-министрликке көрсөтүлгөнү айтылган Садыр Жапаровдун колдоочуларынын жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер Өмүрбек Бабановдун тарапкерлеринин митингдери өтүп жатат. Ошондой эле Бишкектеги темир жол вокзалынынын имаратынын алдында жаш активисттер криминалга каршы жүрүш уюштуруп жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG