Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Чүй облусунун жана Бишкектин тургундары мыйзамсыздыкка каршы


Чүй менен Бишкектин эли мыйзамсыздыкка каршы. Мындай мазмундагы кайрылуу бүгүн, 9-октябрда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын элинин атынан таратылды.

Анда өлкөдөгү акыркы кырдаалдар Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын жашоочуларын тынчсыздандырып, кооптондуруп жатканы жазылган.

«Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын иши үзгүлтүккө учурады. Ишкерлер чыгым тартып жатат, мүлк тартып алуу токтогон жок. Бардык деңгээлдеги кызмат орундар, талоончулук жана Чүй облусунун айдоо аянттарын басып алуу аракеттери катталып жатат. Айрым саясатчылар элди улутуна жана жерлигине карап жикке бөлүү аракетин көрүп жатышат», - деп билдиришкен кайрылуу ээлери.

Мындан тышкары кайрылууда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын эли мыйзамсыздыкка каршы, туруктуулук үчүн бириккени жазылган. Кайрылуу ээлери эч бир саясий партиялардын жана саясий күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөбөй турганын билдирип, саясатчыларды жана алардын тарапкерлерин кырдаалды олку-солку кылуучу мыйзамсыз аракеттерди токтотууга жана барбоого чакырышкан. Алар бардык саясий күчтөрдү эртерээк мыйзам жолуна түшүүнү үндөшкөн.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган.

5-октябрда башталган митинг бүгүн, 10-октябрда Бишкекте уланууда.

Өлкөдө азыр коомдук-саясий кризис өкүм сүрүп жатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG