Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:17

Атамбаев президент Жээнбековду кызматтан кетүүгө чакырды


Президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Бишкек, 24-ноябрь, 2017-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Бишкек, 24-ноябрь, 2017-жыл.

Бишкектеги «Форум» ишканасынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев чыгып сүйлөп жатат. Ал президент Сооронбай Жээнбековду жактаган күчтөр кайра бийликке кайтып келүүгө аракет кылып жатканын, маселени тынч жол менен бүтүрүш керек экенин айтты. Ошондой эле Жээнбековду өз эрки менен кызматтан кетүүгө чакырды.

Атамбаев күч түзүмдөрүндө Жээнбековдун тарапкерлери отурганын айтып, аларды элге ок атпоого үндөдү. Ал митингге чогулгандар бүгүн Жогорку Кеңеш тарапка жүрүш жасай турганын кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча 11 жыл эки айга абакка кесилген, мүлкү конфискацияланган, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылган. Ал ошондой эле бир офицердин өмүрүн алган Кой-Таш окуясы боюнча соттолуп жаткан.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкекте митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратына кирип баргандан көп өтпөй, тарапкерлери Атамбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан бошотуп кетишкен.

Мунун алдында 6-октябрда Жогорку Кеңештин бир бөлүгү премьер-министрликке көрсөткөн Садыр Жапаров Атамбаев менен Бабанов эл чогултуп жатканын, бул өлкөнүн туруктуулугу үчүн туура эмес экенин айткан.

9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков өлкө мыйзамдуу жолго, укуктук нукка түшкөн соң кызматын тапшыра турганын жарыялаган. Ал өзүн легитимдүү президент деп эсептей турганын билдирип жатат.

Социалдык тармактарда Алмазбек Атамбаевдин саясатка кайтып келишине каршы билдирүүлөр айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG