Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

ИИМ Курсан Асанов менен иштешүүдөн баш тартканын кабарлады


Курсан Асанов Өкмөт Үйүнүн алдындагы митингчилер менен. 8-октябрь, 2020-жыл.
Курсан Асанов Өкмөт Үйүнүн алдындагы митингчилер менен. 8-октябрь, 2020-жыл.

Айрым маалымат каражаттары 6-октябрдан бери ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Курсан Асанов менен иштешүүдөн баш тартып, аны министрликтин имаратынан чыгарып коюшканын жазышкан.

Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы ырастап, «Азаттыкка» министрликтин жеке курамы башка мамлекеттик органдар сыяктуу эле мыйзамдуу жетекчи катары министрдин кийинки орун басарлары убактылуу иш алып барышын талап кылып жатышканын билдирди. Буга байланыштуу алар өздөрүнүн мүдөөсүн бүгүн, 9-октябрда Курсан Асановдун өзүнө айтып, аны имараттан чыгарып коюшту.

Бул маалыматты Курсан Асановдун өзүнөн тактоого мүмкүн болбой жатат.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 5-октябрдагы нааразылык митингдеринен кийин кайда экени белгисиз. Анын биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Ошто экенин, 6-октябрдан бери ал жерде коомдук тартипти сактоо үчүн жергиликтүү милиция менен иш жүргүзүп жатканын маалымат катчы Бакыт Сейитов билдирди. Министрдин тергөө иштери боюнча орун басары Памир Асанов 6-октябрдан бери жумушка чыга элек.

6-октябрь күнү жергиликтүү бийликтерди жана башка мамлекеттик кызматтардын жетекчилерин арыз жаздырып кетирип, ордун башка адамдар ээлеген көрүнүштөр катталган.

7-октябрдан тартып «арыз жазып кеткенин» билдирген бир катар жетекчилер кайра кызмат орундарына кайтып келишкен. Кайтып келбеген жетекчилердин милдетин аткаруу алардын орун басарына жүктөлгөн.

9-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев 6-октябрдан бери ишке чыкпай жатканына байланыштуу, анын милдетин убактылуу аткаруу биринчи орун басары Талант Салиевге жүктөлгөн. Бул маалыматты Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев «Азаттыкка» билдирген.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын УКМКнын имараттарын, ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан талапкер, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Суваналиев башаламандыктардан кийин кызматына кайтып барып, өлкөдөгү күч кызматтарын координациялоону колуна алган. Коомдук тартипти көзөмөлдөө жана ички иштер министринин милдетин аткаруу Курсан Асановго жүктөлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге төрт ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Легитимдүү бийлик органы катары саналып жаткан Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогула албай жатышат. Буга чейин депутаттар эки бөлүнүп кеңешке чогулганы кабарланган.

Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG