Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:38

«Азаттык» радиосунун кабарчысына түз эфирде коркутуу болду


Садыр Жапаровду колдогон митинг.
Садыр Жапаровду колдогон митинг.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Өкмөт Үйүнүн алдындагы митингди чагылдырып жатканда митингчилер тарабынан түз эфирде коркутууга, кол салууга туш болду. 9-октябрда Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышкан. Ага катышкан адамдар Жапаровдун бийлигин мыйзамдуу деп таанууну талап кылып жатышкан.

Белгисиз адамдар «Азаттыктын» кабарчысына келип: «Садыр Жапаров деп тема кой, «Азаттык» туура эмес чагылдырууда. Биз «Азаттыктын» кеңсесине барабыз. Бул жерден кетип кал!» - деп коркутушту.

Натыйжада кабарчы өз ишин токтотуп, митингден кетти.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына байланыштуу чыккан нааразылык акциялары массалык тополоң менен коштолуп, абал курчуп кеткен. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарган. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп жатат.

6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялаган.

Жапаров буга чейин Жогорку соттун чечими менен акталганын, анын негизинде премьер-министр кызматына талапкер боло аларын айткан.

Буга чейин бир катар активисттер, ошондой эле «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова ал жыйынга «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болгон депутаттар экенин айтып, «Жапаровдун артында Жээнбеков - Матраимов кланы турат» деп билдиришкен.

Бирок Садыр Жапаров Матраимовдордун эч кимиси менен сүйлөшпөгөнүн айтып, өзүн «мыйзамдуу өкмөт башчымын» деп билдирип жатат. Юристтер Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүүдө Конституциянын бир нече беренеси бузулганын айтып чыгышкан.

Жогорку соттун 9-октябрдагы маалыматында Садыр Жапаровдун жана анын адвокатынын мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгаруу, ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуу боюнча өтүнүчү каралганын, аны актоо боюнча чечим чыкпаганы айтылат. (BCh)

XS
SM
MD
LG