Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 21:12

Рыскулбеков: Жапаров Жээнбековдордун, Матраимовдордун кланы менен сүйлөшүп алган


Эркин Рыскулбеков коронавируска каршы күрөшүүдөгү ыктыярчылар менен президенттин жолугушуусунда. Июль, 2020-жыл.

Жарандык активист, люстрациянын жактоочусу Эркин Рыскулбеков мындай пикирин бүгүн, 7-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында билдирди. Ал 6-октябрда Садыр Жапаровдун талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жаткан учурда «Достук» мейманканасында болгонун айтты:

«Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар координациялык кеңеш түзүп, кырдаалды талкуулап жаткан учурда Садыр Жапаровдун талапкерлигин кечээки «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» талапкерлери болгон депутаттар өкмөт башчылыкка көрсөтүштү. Ал жерде 61 депутат катышты деп айтылганы менен, аз эле депутат отурду. Ишеним каттар деп атышты, бирок андай шектүү ишеним каттарды мен көргөн жокмун. Сырттагы эл «импичмент» деп кыйкырып атканда, Садыр Жапаров чыгып алып, «биз кечке эле президентти алмаштыра беребизби, президент иштей берсин» деп айтты. Демек, ал Жээнбековдордун жана Матраимовдордун кланы менен сүйлөшүп алган».

Ушул тапта Өкмөт Үйүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар чогулуп, убактылуу өкмөт түзүү маселесин карап жатышат. Кабарчыбыздын маалыматына караганда, партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтындагы митингге ким чыккан-чыкпаганын териштиришүүдө.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулушту.

«Достук» мейманканасында чогулган депутаттар тобунун жыйынына VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана өкмөт башчы Кубатбек Боронов өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн. Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров көрсөтүлгөн. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (26)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG