Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:11

Каракол шаарынын тургундары мэрдин кетишин талап кылып жатышат


Каракол мэриясынын алды.
Каракол мэриясынын алды.

Каракол шаарынын бир нече тургуну калаа мэри Адыл Каныметовдун кызматтан кетишин талап кылып, мэриянын алдында турушат. «Азаттык» радиосунун кабарчысына активист Эрмек Кубаткулов шаар тургундары менен мэрге кирип, өз талаптарын айтышканын айтты.

«Биз буга чейин Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаевге киргенде ал арызын жазып берди. Азыр мэрге кирдик, бирок ал «ээлеген кызматымдан кетүүгө негиз жок» деп жатат. Бул жерде партиянын өкүлдөрүн аралаштырбаганга аракет кылып жатабыз. Азыр жергиликтүү кеңештин депутаттары чогулганы жатат. Алар мэр кызматтан кетүү тууралуу арызын жазса тиешелүү чара көрүшөт», - деди ал.

Ал арада Түп райондук мамлекеттик администрациянын алдына «Ата Мекен» саясий партиясынын талапкерлери жана Түп районунун айылдарынан келишкен 30дан ашык адам чогулушту. «Ата Мекен» партиясынын өкүлдөрү азыркы иштеп жаткан аким Бахтияр Акимбаевди алмаштыруу жөнүндө сунушун чогулган эл колдобой койду.

Саясий партиялардан «Мекеним Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болгон Турганбек Чолпонбаев катышып, түптүктөрдү ынтымакка чакырды.

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук акимчилигинин имаратынын алдында 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 5-октябрдын түнүндө 200гө жакын адам чогулган. Ошондой эле акцияга чыккандар Бишкекке чыгыш үчүн автоунааларды даярдап жатышканы маалым болгон.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Ала-Тоо аянтындагы митинг дагы деле уланууда. Түнкү окуялардан бир адам каза болуп, жүздөгөн кишилер жаракат алышты. 13 адамдын абалы оор. (KS)

XS
SM
MD
LG