Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Асанов: Тартип бузгандар катуу жазаланат (видео)


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Курсан Асанов бүгүн, 7-октябрь күнү Эски аянтта милиция кызматкерлери менен жолугушту. Ал эл менен чогуу коомдук тартипти камсыз кылуу зарыл экенин белгиледи.

Асанов учурда элдин бийлиги иштеп жатканын белгилеп, бул кызматка элдин каалоосу менен келгенин айтты. Ал Бишкекте жана башка аймактарда коомдук коопсуздукту сактоого бардык күч-аракеттер жумшаларын билдирди:

«Анча-мынча талкалоо катталды. Бирок талоончулукка жол берилген жок. Милиция кызматкерлери элдик кошуундун мүчөлөрүнө кошулуп, коопсуздукка көз салып иштеп жатышат».

Курсан Асанов ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кайда экенин билбей турганын айтып, бардык аймактардагы ички иштер башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн жетекчилери алмашпай турганын, милиция мурдагы калыбында коомдук коопсуздукту, тартипти сактап иштей берерин белгиледи.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Кечинде милиция митингчилерди кууп таратууга аракеттенген. Бишкектин көчөлөрүндө топ-топ болуп жайылган митинчилер менен милициянын кагылышуусу болгон. Кагылышуу учурунда бир адам набыт болгон.

100дөн ашуун адам жаракат алганы кабарланган. Ичинде полиция кызматкерлери да бар.

6-октябрга оогон түнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Алардын айрымдары коррупция үчүн айыпталып, абакка кесилген экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди бошотушкан. Атамбаев менен кошо айыпталган саясатчылар жана мурдагы депутат Садыр Жапаров да түрмөдөн чыккан. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG