Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Алайда жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 6-октябрь күнү, саат 14:11де Кыргызстандын Кытай менен чектешкен аймагында жер титиреди. Силкинүүнүн күчү беш баллды түздү.

Силкинүүнүн күчү Алай районунун Нура, Эркечтам айылдарында төрт балл, Икизяк, Көк-Суу айылдарында үч балл, Кара-Киндик, Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок.

Алайдын Нура айылында 2008-жылы октябрда күчү сегиз баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйрап калган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG