Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Элдик координациялык кеңеш Садыр Жапаровдун талапкерлигине каршы чыкты


Темирбек Асанбеков.
Темирбек Асанбеков.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар: «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру», «Ордо» жана «Реформа» партиялары түзгөн Элдик координациялык кеңеш өкмөт башчынын ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүшүнө каршы. Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөлөрү бүгүн, 7-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге билдиришти. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков Садыр Жапаров бул кызматка келүүгө моралдык акысы жок деген оюн ортого салды:

«Садыр Жапаров алтынчы чакырылыштагы депутаттар менен тымызын чогулуп алып, өзүн өкмөт башчылыкка көрсөттү. Булардын өкмөтүнө биз каршыбыз, эл каршы чыгат. Ошондуктан, биз аларга «саясий принциптерди бузуп жатасыңар, токтоткула, элдин аң-сезимин адаштырып, тополоңго алып барууну токтоткула» деп талап кылдык. Биздин Координациялык кеңеш азыркы өкмөт иштей берсин, коопсуздукту сактап берсин деп сунуш кылып жатабыз».

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон 12 партиянын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Кечинде милиция митингчилерди кууп таратууга аракеттенген.

Бишкектин көчөлөрүндө топ-топ болуп жайылган митинчилер менен милициянын кагылышуусу болгон. 6-октябрга оогон түнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан.

6-октябрда нааразы болгон партиялардын ичинен сегиз партия өзүнчө Координациялык кеңеш түзгөн. Ага «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров төрагалык кылат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG