Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

БУУ Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр


Президенттик администрация нааразылыктын экинчи күнүндө. Бишкек шаары. 6-октябрь, 2020-жыл.
Президенттик администрация нааразылыктын экинчи күнүндө. Бишкек шаары. 6-октябрь, 2020-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандагы акыркы окуяларга тынчсыздануусун билдирди. Ал адам өлүмү менен коштолгон учурга кайгыруусун билдирип, бардык тараптарды токтоолукка жана зомбулуктан алыс болууга чакырды. Бул тууралуу Гуттериштин басма сөз катчысынын маалыматында айтылат.

Гутерриш тараптарды тынч сүйлөшүүгө, Конституциянын чегинде кырдаалдан чыгуу чүн мунасага келүүгө үндөдү. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдагандай, БУУ учурда түзүлгөн абалдан тынчтык жолу менен чыгууда бардык аракеттерди колдоого, анын ичинде уюмдун Борбор Азиядагы алдын алуу дипломатиясы боюнча аймактык борбору аркылуу көмөктөшүүгө даяр.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциялары 5-октябрда Бишкекте башталып, жалпы Кыргызстандын аймагына жайылган. Бишкектеги нааразылык митинги учурунда бир адам набыт болуп, жүздөн ашуун адам жаракат алганы кабарланган. Ичинде күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери да бар.

6-октябрга оогон түнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Алардын айрымдары коррупция үчүн айыпталып, абакка кесилген экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиевди бошотушкан. Атамбаев менен кошо айыпталган саясатчылар жана мурдагы депутат Садыр Жапаров да түрмөдөн чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG