Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка көрсөтүлдү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстанда 6-октябрдагы окуялардан соң мыйзамдык талаага кайтып келүү аракети күмөндүү бойдон калды. Жогорку Кеңештин бир нече депутаты парламенттин төрагасын алмаштырды жана премьер-министрликке талапкер сунушташты.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон толкундоолордон соң өлкөдөгү мыйзамдуу бийлик кризиси жаралды.

6-октябрга караган түнү демонстранттар Ак үйдү ээлеп алган. Андан бери президент жана өкмөт мүчөлөрү Бишкекте жүргөнү расмий кабарланганы менен иш жүзүндө кайда экени белгисиз.

Кыргызстанды мыйзамдык талаага кайтаруунун жалгыз жолу катары VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары чукул жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттү курашы керек деген сунуш айтылган. Дал ушул максатта ири сегиз партиянын өкүлдөрү кирген Координациялык кеңеш парламенттин кезексиз жыйынын өткөрүүгө чакырган. Бул кеңештин курамына «Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Замандаш» партиялары кирди.

Кеңештин төрагалыгына шайланган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров ушул жол менен гана өлкөнү мыйзамдуу нукка салуу мүмкүн экенин билдирди:

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

«Координациялык кеңеш өлкө тез арада мыйзам талаасына келүүнү сунуш кылат. Көчө демократиясын токтотуу керек. Азыр иштеп жаткан Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп, анын жетекчилиги алмашуусу зарыл. Азыр өлкөдөгү бирден-бир легитимдүү орган катары аларды чогулууга үндөйбүз».

Координациялык кеңеш саясий кризиске кептелген өлкөнү мыйзамдуу жолго кайтаруу үчүн гана түзүлгөн убактылуу орган болуп саналат. Бул кеңешке кирген мурдагы премьер-министр Темир Сариев азыркы кырдаалда Кыргызстандагы абалды көзөмөлгө алуу абдан маанилүү экенин билдирди:

«Эртең Жогорку Кеңеш чогулса, анын төрагасы алмашышы керек. Ошондой эле учурдагы өкмөттү отставкага кетирип, жаңы коалициялык өкмөт түзүшү керек. Ушул өкмөт шайлоону өткөрүп бериши керек. Анткени, БШК бүгүн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мыйзам боюнча, кезексиз шайлоо 45 күндүн ичинде жарыяланышы керек. Координациялык кеңеш өкмөт куралганга чейин коопсуздукту камсыз кылып, уюштуруу иштери менен гана алек болот. Өкмөт куралган соң анын ишине кийлигишпейт».

Жогорку Кеңеш экиге бөлүндү

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакыруу үчүн кол топтоп, эки жерде чогулду. Мыйзамга ылайык, кезексиз жыйынга чогулуу үчүн 120 депутаттын жарымынан көбү же 61 добуш керек.

Ошол эле учурда Бишкектеги «Достук» мейманканасында спикер Дастан Жумабеков чакырган парламент мүчөлөрү жыйынга чогулушту. Ага 64 депутат катышканы айтылганы менен иш жүзүндө канча депутат катышканы такталган жок. Бир канча депутат тилкаттын негизинде катышып жатканы айтылды.

Залдын ичинде депутаттар ары-бери басып, имараттын сыртындагы жаш активисттерди чымыр денелүү жигиттер киргизбей турушту.

Жыйынды алып барган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери, учурдагы вице-спикер Мирлан Бакиров Дастан Жумабеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын билдирди. Анын ордуна ошол замат Мыктыбек Абдылдаев кабарланып, жыйынга катышкан депутаттар аны бир добуштан шайлаганы жарыяланды.

Андан соң Абдылдаев премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын билдирди. Анын ордуна абактан өткөн түнү чыккан Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнү айтылды. Депутаттар эч бир суроо-сопкутсуз эле кол көтөрүп, колдоп коюшту. Добуш берүүдөн соң Абдылдаев буларды түшүндүрдү:

«Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын добушу менен Жапаров Садыр Нуркожоевичтин талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттүк. Эми ал өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын сунушташы керек».

Ошентип нааразылыкка чыккан эл Ак үйдү ээлеп алгандан 24 саат өтпөй парламенттин жетекчилиги дайындалды. Өкмөт башчылыкка талапкер көрсөтүлдү.

Момбеков: Бүгүнкү чечимдер легитимсиз

Бирок кабыл алынган чечимдердин легитимдүүлүгү боюнча бир нече маселе чыгууда. Себеби, Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү Бишкекте башка жыйын өткөрүшкөн. Депутаттардын арасында «Ата Мекен», КСДП, «Республика-Ата Журт», «Бир Бол» фракцияларынын айрым депутаттары катышты.

Бул жыйынга катышып жаткан Жанар Акаев «Азаттыкка» кабарлагандай, парламенттин чукул жыйынын чакырууга 50гө жакын депутат кол койгонун кабарлаган.

«Эртең (7-октябрь) саат онго чейин 65 депутат кезексиз жыйын өткөрүп, жаны парламент төрагасын шайлайбыз. Эл ишениминдеги элдик өкмөттүн курамын бекитишибиз керек. Азыркы көчөдөгү кырдаалды жөнгө салып, мыйзамсыздыкты, тартипти орнотуп, бир ыргакка келишибиз керек».

Жапаровду премьерликке көрсөтүү боюнча талаштуу чечим жарыяланган соң Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков муну легитимсиз деп атады. Бүгүн парламенттин чукул жыйыны болору тууралуу көпчүлүк депутаттар кабарсыз калган:

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

«Кандай болгон күндө да бул легитимсиз. Анткени, кезексиз сессия боюнча төрага бардык депутаттарга кабар бериши керек. Андай болгон жок. Премьер-министрди шайлоонун жол-жобосу таптакыр башка. Биз шайлоодогу мыйзамсыздыкка каршы чыгып, талап кылып атсак, кайра бүгүн мыйзамсыз шайлап койгону таптакыр туура эмес. Бул - бийликти рейдерлик жол менен басып алуу деген эле сөз. Анын үстүнө ал жакта добуш берген депутаттар «Биримдиктин», «Мекеним Кыргызстандын» тизмеси менен шайлоого барышкан. Алардын добуш берүүгө моралдык укугу жок болчу. Мен эртең элге чыгып, бул мыйзамсыз экенин айтам. Бул өлкөдөгү стабилдүүлүккө кепилдик боло албайт. Кайрадан чоң чатакка алып келет. Жалаң «Кудайдан жөө качкан» депутаттарды катыштыруу менен кабыл алынган чечим реваншисттик эле аракет».

Буга чейин Садыр Жапаров бир нече оппозициячыл партия түзгөн Координациялык кеңешти мыйзамсыз деп эсептерин жарыялады. Ушундай жол менен өлкөнү мыйзам талаасына алып барат деген Жогорку Кенештин депутаттары экиге бөлүнүп, эки башка максатта көздөөдө.

Ошентип кырдаалды жөнгө салуу үчүн Координациялык кеңеш түзгөн «Бүтүн Кыргызстан», «Республика», «Ата Мекен» партияларынын өкүлдөрү болсо, экинчи тарабында Садыр Жапаровду өкмөт башына алып келүүнү каалагандар болуп калды.

Мындай абалга кейиген «Ата Мекен» партиясынан депутат Садык Шер-Нияз учурда бардык саясатчылар жеке дымагын четке таштап, абалдан чыгуу үчүн биригүүгө чакырды:

«Эми кайра ыймансыздыктын үлгүсүн көрсөтүп жатасыздар, урматтуу саясатчылар. Эми кайра силер спикердин ордун талашып, топ түзүп жатасыңар. Эл анын баарын көрүп турат, бир топ болуп жеңишке жетиш керек болчу».

Ал ортодо Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун кайда экени белгисиз бойдон турат. Президенттин басма сөз кызматы Жээнбеков Бишкекте экенин жана өз ишин улантып жатканын билдирген болчу. 6-октябрь күнү эртең менен видео кайрылуусу тараталып, анда Жээнбеков айрым саясий күчтөр бийликти мыйзамсыз тартып алуу аракетин жасап, шайлоонун шылтоосу менен коомдук тартипти одоно бузганын билдирген:

«Шаар тургундарынын тынч жашоосуна бүлүк салышты. Тартип сакчыларына баш ийбей, медиктерди сабап, имараттарды талкалашты. Кан төгүлбөсүн, бир да жарандын өмүрүнө коркунуч келбесин деп, күч органдарына ок чыгарбагыла деп буйрук бердим. Азыркы учурга чейин кырдаалды курчутпоо үчүн мүмкүн болгон чаралардын баарын жасадык. Мамлекеттин тынчтыгы, коомдун стабилдүүлүгү депутаттык мандаттан бийик», - деди президент Жээнбеков.

Анткен менен Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчысы катары өлкөдөгү саясий күчтөр менен байланышка чыгып, кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү өткөргөнү жөнүндө маалымат жок.

Бишкек менен Ошто болсо бир нече акциялар өтүп, туруктуулук толугу менен камсыз боло элек.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышкан. Анда президент отурган жетинчи кабатка чейин адамдар кирип барышкан.

Бул түнү абактардан бир катар кылмыштарга айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, Сапар Исаков бошотулган.

Бакиевдер менен байланышкан банк чыры

Жапаров 1968-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. Дене-тарбия институтунда билим алган. 1991-2005-жылдары кара май ташыган компанияларда иштеген. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда бир катар жетекчилик кызматтарда иштеген. Маселен, 2006-жылы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү, 2007-жылы Мунапыс берүү боюнча комиссиянын жетекчисинин орун басары, 2008-2010-жылдары Жемкордукту алдын алуу улуттук агенттигинин комиссары болуп турган.

Түптөгү тополоң
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:06:13 0:00

Май айынын этегинде Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова Интерпол аркылуу Польшада кармалган. Райкүл Жапарова мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин көмөгү менен «Ысык-Көл Инвест банкты» рейдерлик жол менен тартып алганы үчүн айыпталып, 2015-жылы сыртынан соттолгон.

Жапаров 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ата Журт» партиясы менен депутат болуп келген.

Барымтага барып такалган иш

2012-жылы «Кумтөр» алтын кен долбоорун мамлекеттин карамагына алууну талап кылган митинг уюштуруп, анда да тополоң чыгып, ал депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талантбек Мамытов менен чогуу кармалып, камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 2013-жылы бир жарым жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарып, бирок кийин шаардык сот аларды актаган.

Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Былтыр апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, 10 жылын калтырган.

Буга чейин Жапаров президентке ырайым сурап кайрылган болчу. Президент Сооронбай Жээнбеков бул маселе мыйзамга ылайык чечилерин айткан. Ал 3-мартта, башаламандык менен коштолгон митингдин эртеси Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, «бардык маселелер укуктук талаада чечилет, ультиматум тили кабыл алынбайт» деп билдирген.

XS
SM
MD
LG