Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Жогорку Кеңештин спикери алмашканы кабарланды


Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

6-октябрдын кечинде Бишкектеги "Достук" мейманканасынын жыйындар залына чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты парламенттин төрагасы Дастан Жумабековдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Жыйынга вице-спикер Мирлан Бакиров төрагалык кылды. Ошондой эле бүгүнкү отурумда депутат Мыктыбек Абдылдаев жаңы төрага болуп шайланганы кабарланды.

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, сот укуктары комитети Абдылдаевдин парламент төрагасы болуп шайлануусуна макулдугун берди. Бул тууралуу комитеттин мүчөсү Айнуру Алтыбаева депутаттарга билдирди.

Жыйынга 64 депутат катышканы айтылды. Иш жүзүндө канча эл өкүлү катышып, добуш бергени белгисиз. Алардын ичинде ишеним кат менен добуш бергендер бардыгы айтылды.

Добуш берүү жашыруун жүрдү.

Жогорку Кеңештин регламенти боюнча, спикерди алмаштырууга парламент депутаттарынын үчтөн экиси макулдугун бериши керек. Жогорку Кеңеште 120 депутат бар.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга оогон түнү президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG