Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Экс-мэр Мелис Мырзакматов Ошко кайтып келди


Ош шаары, 2020-жылдын 7-октябрына караган түнү.
Ош шаары, 2020-жылдын 7-октябрына караган түнү.

7-октябрга караган түнү Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош шаарынын аэропортуна конуп, башкы аянтта аны тосуп алган миңдеген тарапкерине кайрылып, сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстан «азыр өтө опурталдуу кырдаалда турат, өлкөнү бөлүп-жарып, жарандык урушту баштоого кызыккан күчтөргө каршы туруп, улуттук биримдикти сактап калышыбыз керек» деди. Ошондой эле 4-октябрда болгон парламенттик шайлоо ыплас өткөнүнө басым жасап, кыргыз парламентине татыктуу гана адамдар шайланышы керек экенин айтты. Ал өз убагында шаарга коно албай, үч жарым саат элди күттүрүп койгону үчүн кечирим сурады.

Мырзакматов Бишкектеги окуяларга кайрылып, «топ-топ болуп бөлүнгөн ууру-кескилер түрмөдөн чыгып бүлүк салганга даяр турушат, биз андайга жол бербейбиз. Мамлекеттин бүтүндүгү үчүн, өнүгүшү үчүн күрөшөбүз», - деди.

Ош шаарынын мурдагы мэри акыркы алты жылда чет өлкөдө жашап, Кыргызстанга келе алган эмес. Ага 2014-жылы кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган жана сыртынан жети жылга соттолгон. Мырзакматов кылмыш ишин «саясий куугунтук» катары баалаган.

Экс-мэрдин «Улуттар биримдиги» партиясы 2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Ата Мекенди» ачык колдоп, Мырзакматов партиянын тизмесинде үчүнчү болуп турган. Тизмеге «Улуттар биримдигинин» 40 мүчөсү кошулганы менен бирөөнө да мандат тийген эмес.

XS
SM
MD
LG