Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Сооронкулова Жапаровду өкмөт башчылыкка талапкерлигин көрсөтпөй турууга чакырды


«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова. 3-июнь, 2020-жыл.
«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова. 3-июнь, 2020-жыл.

«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова саясатчы Садыр Жапаровду премьер-министрликке талапкерлигин көрсөтүүгө макул болбой турууга чакырды. Бул тууралуу ал 6-октябрда «Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин бир нече депутаты чогулган чукул жыйында айтты.

«Шайланбай эле коюңузчу. Эртең баарыбыз чогулуп чечеличи. Эшиктегилер көнбөйт, Садыр мырза. Баардыгы «кулуар ичинде өтүп жатат» -деп көнбөйт. Ынтымактуу башка фракциялар менен бирге чечели», - деди Сооронкулова.

6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасынын жыйындар залына чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылык кызматка жактырды.

Анын алдында парламент спикери алмашып, «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Дастанбек Жумабеков өз арызынын негизинде төрагалык кызматтан алынды.

Анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев төрага болуп шайланды. Жаңы төрага Абдылдаев депутаттарды өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызы менен тааныштырды. Депутаттар ачык добуш берүү менен Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттү.

Жаңы төрага Абдылдаевдин журналисттерге билдиргенине караганда, эми жаңы өкмөт башчылыкка талапкер өзүнүн программасын, өкмөттүн курамын жана үзүмүн парламентке сунуш кылат.

Жыйынга 64 депутат катышканы айтылды. Иш жүзүндө канча эл өкүлү катышып, добуш бергени белгисиз. Алардын ичинде ишеним кат менен добуш бергендер бар экени маалымдалды.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга оогон түнү президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон.

6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG