Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Абдылдаев: Cадыр Жапаров премьер-министрликке бекий элек


Мыктыбек Абдылдаев жана Cадыр Жапаров.
Мыктыбек Абдылдаев жана Cадыр Жапаров.

“Достук” мейманканасында жыйынга чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекиткен жок. Бул тууралуу парламенттин төрагалыгына шайланганы айтылган Мыктыбек Абдылдаев билдирди. Анын айтымында, жыйынга катышкан депутаттар Жапаровду өкмөт башчылыкка көрсөттү:

"Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттарынын добушу менен Жапаров Садыр Нуркожоевичтин талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттүк. Эми ал өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын сунушташы керек",-деди Абылдаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары "парламент Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитти" деп жазып чыккан.

Бүгүн Бишкектеги “Достук” мейманканасында Жогорку Кеңештин бир нече депутаты чукул жыйынга чогулган. Жыйынга 60тан ашык депутат катышып жатканы айтылганы менен иш жүзүндө андан абдан аз экени байкалган. Жыйындын жүрүшүндө парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков өз арызы менен кызматтан кеткени айтылып, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланган.

Ошондой эле премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы кабарланып, анын ордуна өткөн түнү абактан бошотулган Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG