Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Митинг учурунда жараат алган жети кишинин абалы оор


Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору.
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору.

Бишкекте 5-6-октябрдагы массалык тополоң менен коштолгон митинг учурунда ооруканаларга кайрылгандардын саны 686 адамга жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, алардын 521и алгачкы медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ар кандай жараат алган 164 киши ооруканада жатат, анын ичинен жети адамдын абалы оор. Учурда алар реанимацияда. Буга чейин министрлик оор абалдагылардын саны 13 киши экенин билдирген.

6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин митинги массалык башаламандыкка чейин жетип, милиция менен митингчилер кагылышкан. Анда катуу жараат алган 19 жаштагы жигит ооруканада көз жумган.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

Кечинде милиция митингчилерди кууп тараткан. Алар тарабай, Бишкектин көчөлөрүндө топ-топ болуп жайылып, милиция менен кагылышуулар болгон.

6-октябрга оогон түнүн митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Алардын айрымдары коррупция үчүн айыпталып, абакка кесилген экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди бошотушкан.

Абактан Атамбаев менен кошо айыпталган саясатчылар жана мурдагы депутат Садыр Жапаров да чыккан.

Митингчилер учурда тарай элек. 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасынын жыйындар залына чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Садыр Жапаровдун талапкерлигин өкмөт башчылык кызматка жактырды.

Анын алдында парламент спикери алмашып, «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Дастан Жумабеков өз арызынын негизинде төрагалык кызматтан алынган. Анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев төрага болуп шайланды. Жаңы төрага Абдылдаев депутаттарды өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызы менен тааныштырды.

Депутаттар ачык добуш берүү менен Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттү. Жаңы төрага Абдылдаевдин журналисттерге билдиргенине караганда, эми жаңы өкмөт башчылыкка талапкер өзүнүн программасын, өкмөттүн курамын жана түзүмүн парламентке сунуш кылат. Жыйынга 64 депутат катышканы айтылды. Иш жүзүндө канча эл өкүлү катышып, добуш бергени белгисиз. Алардын ичинде ишеним кат менен добуш бергендер бар экени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG