Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Бишкекте абал таңга маал турукташты


Бишкек. Парламент менен президенттик администрациянын имараты. 6-октябрь, 2020-жыл.
Бишкек. Парламент менен президенттик администрациянын имараты. 6-октябрь, 2020-жыл.

Бишкекте белгисиз адамдару түндө бир катар көчөлөргө чейин басып жүрүштү.

Ыктыярдуу элдик кошуундун өкүлдөрү алардын кадамын көзөмөлдөп турганын жана эч кандай талап-тоноочулук болбогонун шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партиялардан түзүлгөн координациялык кеңеш билдирди.

Маалыматка караганда, түндө талоончулук болот деген коркунучтар болгон. Ыктыярдуу элдик кошуун белгисиз адамдар тобу жүргөн көчөлөрдөгү кафе, соода борборлорун курчап, аларга кимдир-бирөөнүн киришине жол берген эмес. Кошуун жарандарды талап-тоноого жол бербеш үчүн жардамга чакырды.

7-октябрда таңга маал абал турукташты. Ал эми Ала-Тоо аянтында тарабай турган митингчилер түндө үч жерге от жагып, жылынып жатканы тартылган видеолор жана сүрөттөр тарады.

Учурда коомдук транспорт иштеп жатат. 6-октябрда ири соода борборлорунун көбү иштеген жок. Бүгүн ачылабы же жокпу, азырынча белгисиз.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Кечинде милиция митингчилерди кууп таратууга аракеттенген. Бишкектин көчөлөрүндө топ-топ болуп жайылган митинчилер менен милициянын кагылышуусу болгон.

6-октябрга оогон түнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Алдардын айрымдары коррупция үчүн айыпталып, абакка кесилген экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиевди бошотушкан. Атамбаев менен кошо айыпталган саясатчылар жана мурдагы депутат Садыр Жапаров да түрмөдөн чыккан.

XS
SM
MD
LG