Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Улуттук банк акча которууну убактылуу токтотууну сунуш кылды


«Демир Банктын» талкаланган кассасы. Бишкек шаары. 6-октябрь, 2020-жыл.
«Демир Банктын» талкаланган кассасы. Бишкек шаары. 6-октябрь, 2020-жыл.

Каржы уюмдарынын коопсуздугу үчүн акча каражаттарын которууну камсыз кылган улуттук жана эл аралык төлөм системаларынын иши убактылуу токтотулду. Улуттук банк каржы уюмдарын каржылык кызмат көрсөтүүнү, төлөм системаларын онлайн форматка өткөрүүнү сунуш кылды.

Мындан тышкары өлкөнүн каржы-банк тармагынын коопсуздугун жана каржы-насыя уюмдарынын активдерин сактоо максатында, Улуттук банк каржы уюмдарын ишин 7-октябрда да токтото турууну сунуш кылды. Ошондой эле өлкөдө саясий кырдаал турукташканча коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды.

Башкы банктын маалыматына караганда, учурда улуттук «Элкарт» төлөм системасы нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнү улантууда. Нак эмес жана аралыктан төлөө банк карточкалары, электрондук капчыктар, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемелери жана QR-коддорду ж.б. колдонуу менен ишке ашырылат.

Маалыматта айтылгандай, Улуттук банк жагдайды көз салып турат, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылыш үчүн тиешелүү чара көрөт.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары 5-октябрда Бишкекте башталып, жалпы Кыргызстандын аймагына жайылган. Бишкектеги массалык митингден пайдаланган айрым күчтөр шаардагы айрым обьектилерге талап-тоноо максатында кол салышкан. 6-октябрда «Демир Банктын» филиалына кол салуу болуп, талкаланганы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG