Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

Бекешев: Депутаттардын отурумунун чечими мыйзамсыз


Бишкек, 5-октябрь, 2020-жыл.
Бишкек, 5-октябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Дастан Бекешев 6-октябрдын кечиндеги депутаттардын отурумунун чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

«Өкмөт курамын дайындоо боюнча мыйзамда «парламенттеги коалициялык көпчүлүк болмоюнча чечим чыкпайт» деп турат. Кечээ коалициялык көпчүлүктүн макулдашуусу жок эле өкмөт башчы дайындалды. Мен муну мыйзамсыз деп эсептейм», - деди ал «Азаттык» радиосуна.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулду. Мыйзамга ылайык, кезексиз жыйынга чогулуш үчүн 120 депутаттын жарымынан көбү же 61 добуш керек.

Кыргызстанда 6-октябрдагы окуялардан соң мыйзамдык талаага кайтып келүү аракети күмөндүү бойдон калды. Жогорку Кеңештин бир нече депутаты парламенттин төрагасын алмаштырды жана премьер-министрликке талапкер көрсөтүштү. (BCh)

XS
SM
MD
LG