Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Бишкекте башаламандык учурунда 11 автобус зыян тартты


Массалык башаламандыктын экинчи күнү. Бишкек шаары, Ала-Тоо аянты. 6-октябрь, 2020-жыл.
Массалык башаламандыктын экинчи күнү. Бишкек шаары, Ала-Тоо аянты. 6-октябрь, 2020-жыл.

Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, 5-октябрдагы массалык башаламандык учурунда 11 автобус талкаланды. Негизинен алардын эшик-терезелери сындырылган.

7-октябрда коомдук транспорт ишин жандантты. Бүгүн каттамга 112 троллейбус, 105 автобус жана 650 кичиавтобус чыгып, эл ташууга киришти.

7-октябрга караган түнү Бишкекте белгисиз адамдар талоончулук кылууга аракеттенишкен. Аларга элдик кошуундун ыктыярчылары менен милиция кызматкерлери жол берген эмес.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Кечинде милиция митингчилерди кууп таратууга аракеттенген. Бишкектин көчөлөрүндө топ-топ болуп жайылган митингчилер менен милициянын кагылышуусу болгон.

6-октябрга оогон түнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Алардын айрымдары коррупция үчүн айыпталып, абакка кесилген экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиевди бошотушкан. Атамбаев менен кошо айыпталган саясатчылар жана мурдагы депутат Садыр Жапаров да түрмөдөн чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG