Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Ош шаарында коомдук-саясий абал тынч


Ош шаары.
Ош шаары.

Ош шаарынын аймагында бардык мекеме-ишканалар өз нугунда иштеп жатышат. Митинг-пикетке чыккандар жок. Бул туурасында Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Анын маалыматына караганда милиция учурда коомдук тартипти сактоо боюнча кызматын аткарууну улантууда.

Шаардык ички иштер бөлүмү буга чейин кырдаалдан пайдаланып, шаарда кылмыш аракеттерине жол бербеш үчүн күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын билдирген.

Ош шаарында 6-октябрь күнү эрте менен башталган митинг 7-октябрга караган түнү саат экиге чейин уланган. Митингде алгач Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков чыгып сөз сүйлөгөн. Ал мыйзамдуу жол менен шайланган президентке жана парламентке баш ийүү керек экенин белгилеген.

Кийинчерээк митингде бийликке каршы сөздөр айтылып, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө, түштөн кийин «Мелисбек Мырзакматов келсин» деген талап коюлган. Түнкү саат бир жарымдарда Мырзакматов келгенден кийин эл тарап кеткен. (DU)

XS
SM
MD
LG