Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Асылбек Жээнбеков: Президент өзүнүн легитимдүү укуктарын колдонот


Оштогу каршылык акциялары
Оштогу каршылык акциялары

Ош шаарында болуп жаткан митингде "Биримдик" партиясынан талапкер Асылбек Жээнбеков:

"Кыргыз эли бөлүнбөсүн. Биз эч качан түндүк-түштүк деп бөлүнүүгө жол бербейбиз. Шайлоонун мыйзамдуу жыйынтыгын сыйлайбыз. Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн мыйзамдуу укуктарын колдонот. Баары мыйзам чегинде чечилиши керек", - деди.

"Азаттыктын" кабарчылары билдиргендей, Оштун борбордук аянтындагы митингге жүздөн ашуун киши чогулду. Аянттын эки тарабын жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери тосуп турат. Митингди "Биримдик" партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон Бекмурза Эргешов алып барууда. Чогулгандар азыркы бийлик тушунда жакшы жашоо болгонун жана аны сактап калуу керектигин айтып жатат.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан. (DU/BCh)

XS
SM
MD
LG