Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Ошто Жээнбековдун тарапкерлери митингге чыгышты


Ош шаарындагы митинг. 6-октябрь, 2020-жыл.
Ош шаарындагы митинг. 6-октябрь, 2020-жыл.

Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун тарапкерлери митингге чыгышты.

"Азаттыктын" кабарчылары билдиргендей, Оштун борбордук аянтындагы митингге 100дөн ашуун киши чогулду. Аянттын эки тарабын жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери тосуп турушат.

Митингди "Биримдик" партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон Бекмурза Эргешов алып барууда. Чогулгандар азыркы бийлик тушунда жакшы жашоо болгонун жана аны сактап калуу керектигин айтып жатышат.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG