Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:14

Стамалиева: Кырдаал президент Жээнбековдун көзөмөлүндө


Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева 6-октябрда маалымат таратты. Ал Сооронбай Жээнбеков кырдаалды көзөмөлдөп жатканын, бардык саясий күчтөр өз кызыкчылыгынан өлкө кызыкчылыгын жогорку коеруна, коомдун жикке бөлүнүшүнө жана жарандарды кооптондурган башка коркунучтарга жол бербейт деп ишеним артып жатканын билдирди.

Стамалиеванын айтымында, президент мамлекетти укуктук нукка кайтаруу үчүн болгон аракетин көрөт. Баарынан мурда бул 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу.

Түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен президент Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК)мыйзам бузууларга байланышкан материалдарды дыкат иликтеп чыгууну сунуш кыларын, шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн экенин айтты.

Толгонай Стамалиева тараткан маалыматта кыргызстандыктар буга чейин эки элдик көтөрүлүштү баштан кечирип, тынчтык менен туруктуулуктун баасын жакшы билери, ошондуктан Жээнбеков жакынкы арада тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн бардык аракетин көрө турганы айтылат.

Маалыматка караганда, Жээнбеков саясий партияларды Кыргызстан жана жарандар үчүн саясий партияларды акыл-эстүү кадамга чакырды. Ал азыр Бишкекте экени айтылды.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG