Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:22

Ошто "Азаттыктын" кабарчысына кол салуу болду (видео)


Ош шаарындагы митинг. 6-октябрь, 2020-жыл.
Ош шаарындагы митинг. 6-октябрь, 2020-жыл.

"Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы Дастан Үмөтбай уулун аянттагы митингди чагылдыруу учурунда белгисиз бирөөлөр чаап жиберген. Кабарчы Ош шаарынын борбордук аянтындагы митингди чагылдырып жүргөн. Өзүнүн айтуусунда, абалы жакшы.

Ош шаарындагы борбордук аянтта "Биримдик" партиясынын тарапкерлери митингге чогулушту. Митингди "Биримдик" партиясынан парламенттик шайлоодо талапкер болгон Бекмурза Эргешов алып барууда.

Чогулгандар азыркы бийлик тушунда жакшы жашоо болгонун белгилеп, бийликти сактап калуу керектигин айтып жатышат.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.

Митингдер башка облустарда да уланып жатканы кабарланууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG