Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдына эл чогулуп жатат


Жалал-Абад мэриясынын алды. 6-октябрь, 2020-жыл.
Жалал-Абад мэриясынын алды. 6-октябрь, 2020-жыл.

Жалал-Абад шаардык мэриясына адамдар тобу түнкү саат 3.00 чамасында кирип алган. Ал эми таңкы саат 5те милиция келип имаратты бошоткон. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, учурда мэрияны күч органдарынын өкүлдөрү кайтарып турат.

Топтолгон адамдардын мэрияга кирүү боюнча аракети ишке ашкан жок. Алар шаар бийлигин элге тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү талап кылышууда.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.

6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышты.

Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.(TB/ZKo)

XS
SM
MD
LG