Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:49

Жанарбек Акаев: Тезинен координациялык кеңеш түзүш керек


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Кыргызстандагы саясий кризистен чыгыш үчүн 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган 13 партиянын мүчөлөрүнөн координациялык кеңеш түзүш керек. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев билдирди. Депутаттын айтымында, абалды көзөмөлгө алуу үчүн элдик ишенимдеги өкмөт түзүлүшү зарыл.

Конституциялык алкактан чыкпаш үчүн VI чакырылыштагы парламент чукул жыйынга чогулуп, төраганы алмаштырышы керек. Андан соң жаңы шайлоо белгиленет.

Ошондой эле Акаев Бишкек шаарындагы абалды жөнгө салуу үчүн комендантты дайындоо зарылдыгын кошумчалады.

Ал элди мыйзам алкагынан чыкпоого чакырып, банк түйүндөрүн сактап калууга үндөдү. Депутат аэропортторду да жабыш керек болорун белгиледи.

Митингге чыккандардын бир тобу лидерлердин кырдаалды чечип, иштешине жолтоо болбош керек экенин айтып жатышат.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин тынчтык акциясы массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы өлкө башчысы Бишкек шаарында экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG