Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Август, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Жээнбеков тынчтык менен туруктуулукка ишеним артууда


Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков «бардык саясий күчтөр өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту сактап каларына ишеним» билдиргенин «Азаттыкка» анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Ага чейин Стамалиева Жээнбеков Бишкекте экенин, саат 02.00гө чейин Жогорку Кеңештин имаратындагы иш ордунда болуп, бардык саясий күчтөр менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн маалымдаган.

Буга чейин митингчилер Жогорку Кеңештин имаратына кирип барып, жетинчи кабаттагы президенттин иш бөлмөсүнө киришкен.

Ал арада Интернетте Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын имаратынан милиция коштоосунда бир топ автоунаа чыгып, батышты көздөй кеткени тууралуу видео жарыяланды.

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG