Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков абактан чыкты


Cапар Исаков
Cапар Исаков

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясынан чыгарылды. Аны тарапташтары барып тосуп келишкенин Исаковдун адвокаты Замир Жоошев “Азаттыкка” кабарлады.

Адвокаттын айтымында, өлкөдөгү акыркы окуялардан соң жарандардын талабы менен Сапар Исаков абактан чыкты.

“Бирок мыйзамга ылайык, жакын арада Сапар Исаков, Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери кайрадан сотто каралып, актаган чечим чыгышы керек. Баары укуктук талаада болушу керек”, - деди адвокат.

2018-жылы камакка алынган Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун, Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган. Ал күнөөнү моюнга албай, муну саясий куугунтук катары баалап келет.

Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 650 281 сом айып салган. Айрым иштери боюнча соттук териштирүү уланууда.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы өлкө башчысы Бишкек шаарында экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG