Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Масалиев: Адахан Мадумаровго кол салуу болгон жок


УКМКнын имараты.
УКМКнын имараты.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров катуу сабалганы тууралуу кабарларды партиянын тизмеси менен шайлоого катышкан мурдагы депутат Исхак Масалиев төгүндөдү. Анын айтымында, Мадумаров аянттагы чогулган элге барганда Садыр Жапаровду бошотуу жөнүндө талап коюлуп, оозеки кайым айтышуу болгон. Партия лидери автоунаага түшүп кетип бара жатканда айрымдар автоунаага кол салууга аракеттенишкен.

«Мунун баары саясатчыны тааныбай калып, башаламандыктан улам болду. Чогулган элди айыптаса болбойт. Эми партия лидерлери чогулуп, президент тез арада алар менен чечкиндүү кадамдарга барбаса бүгүн түштөн кийин өзү да куулуп калышы ыктымал», - деди Масалиев.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз катчысы өлкө башчысы Бишкек шаарында экенин айтууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG