Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:51

Карасартова: Кыргызстандын келечеги үчүн күрөштү улантабыз


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Коомдук активист, «Реформа» партиясынын өкүлү Рита Карасартова Кыргызстандын келечеги үчүн күрөштү улантуу зарыл деп эсептейт. 5-октябрда «Азаттык» радиосунун түз эфирдеги «Эксперттер талдайт» программасында сүйлөп жатып ал «Кыргызстандын келечеги кандай, кимдин колунда болот? Бизди кайсы жакка алып баратат?» деген суроо койду.

Карасартова: «Аманкулов «30 жыл жүрдүк, эми үйүбүзгө кайталы» деп айтты. Бул жөн эле айтылган сөз эмес. Бул план. Алардын алган кулмүнөздүк багыты. Мындай бандиттерге, кулдарга мамлекетимди таштап башкартпайм. Бүгүнкү күндөн баштап болгон аракетибиздин баарын жумшайбыз. Оңолуш керек! Оңолуу жолго түшпөсө эч качан багынып же басынып отура бербейбиз», - деди.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анда «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары жети пайыздык босогодон ашып, жеңишке жетишкени жарыяланды. Жалпысынан шайлоого 16 партия катышкан.

5-октябрда 12 саясий партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылышты. Алардын миңдеген тарапкерлери Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүштү. Кечинде милиция атайын каражаттарды колдонуу менен аларды аянттан кетирди. Айрым жерлерде митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусу дагы эле уланууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин айткан. Өкмөт мыйзам бузуу фактылары катталганын, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир эте албай турганын билдирүүдө.

«Биримдик» лидери Марат Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видеотасма Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген. Бул коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жаратууда. Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасмага комментарий берип, аны атайын жасалган чагым деп баалады. Ал видео 2019-жылы Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылын өткөрүүнүн алдындагы Москвадагы маданий иш-чарада тартылганын, анда айтканы контексттен суурулуп алынганын билдирген. Жогорку Кеңештин расмий сайтында бул жолугушуу былтыр жыл аягында эмес, быйыл февраль айында өткөнү тууралуу маалымат турат. (RK)

XS
SM
MD
LG