Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Боршайком: Аманкулов боюнча арыз түшкөн жок, жумушчу топ өз алдынча кароого укуктуу


Марат Аманкулов. Архивдик сүрөт.
Марат Аманкулов. Архивдик сүрөт.

«Биримдик» саясий партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкуловдун «эгемендикке акаарат келтирди» деп кескин сынга кабылып жаткан сөзү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) расмий арыз түшө элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Боршайкомдун жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди:

«Биз деле социалдык түйүндөрдөн билип жатабыз. Расмий арыз түшкөн жок. Биздин арыз, даттануу, кайрылуу боюнча жумушчу тобубуз билдирүүлөр же маалыматтар чыкканда кайрылуу түшпөсө да өз демилгеси менен карашы мүмкүн».

Аманкуловдун Орусиядагы жыйындардын биринде сүйлөгөн сөзү жазылган кыска видео Интернетте 26-сентябрда тараган. Анда саясатчы: «Биздин 30 жылдык эгемендигибиз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү. Евразия аймагында бириккен мамлекет гана Евразияда эгемен боло алат», - деп билдирген. Бул коомчулукта кескин сын жана кызуу талкуу жаратууда.

27-сентябрда Бишкекте, Ошто, Караколдо нааразылык акциялары уюштурулуп, Марат Аманкуловду жана ал жетектеген «Биримдик» саясий партиясын парламенттик шайлоонун жарышынан четтетүү тууралуу талаптар коюлду.

Марат Аманкулов сынга кабылып жаткан видеотасмага комментарий берип, аны атайын жасалган чагым деп баалады.

Бийликтин партиясы катары сыпатталып жаткан «Биримдик» парламенттик шайлоого катышууда. 4-октябрда өтө турган шайлоого жалпысынан 16 партия ат салышып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG