Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:44

911 адам медициналык жардам алганы кайрылды


Бишкек.

6-7-октябрда баш калаа Бишкекте 911 киши медициналык жардам алууга кайрылды. Алардын 705и биринчи медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарылануу үчүн үйүнө кетти. Ар түрдүү жаракат менен 205 адам киши ооруканада, бешөө реанимацияда жатат. 5-6-октябрь түндөрү митингдер маалында 2001-жылы төрөлгөн бир адам каза болгон.

Жарадар болгондор Бишкеке травматология, ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга, шаардык №1 ооруканага, Чүй облустук ооруканасына жана Улуттук хирургия борборуна кайрылышкан.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгып, митингдер азыр да уланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG