Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:57

Бишкекте бейтапкананын курулушу белгиленген мөөнөттө бүтпөй калды


Кара-Суу районундагы мурдагы кесиптик лицейдин имараты инфекциялык оорукана катары курулмай болгон. Август, 2020-жыл.
Кара-Суу районундагы мурдагы кесиптик лицейдин имараты инфекциялык оорукана катары курулмай болгон. Август, 2020-жыл.

Бишкек шаарындагы Жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу кечеңдеди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 30-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов оорукананын курулушу менен таанышып чыгып, жумуштун белгиленген мөөнөттө бүтпөй, создугуп жатканына нааразы болду.

Премьер курулуштун сапатына байланыштуу бир нече арыз түшкөнүн билдирип, бардык иштерди мүмкүн болушунча ыкчам аяктоо боюнча тапшырма берди.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү курулушта жүргүзүлүп жаткан иштер, суу менен камсыздоо жана канализациянын туташуусу жөнүндө маалымат берип, бардык жумуш жакын арада бүтөрүн айтышты.

Өкмөттүн маалыматына караганда, республикада бир катар ооруканаларда капиталдык ремонт жана реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында жаңы ооруканалар курулууда.

Кара-Суу районунун Баш-Булак, Кемин районунун Орловка айылындагы, Чолпон-Ата, Каракол, Баткен, Көк-Жаңгак жана Жалал-Абад шаарларындагы медициналык мекемелерде капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Токмок, Талас жана Ош шаарларында жумуш графиктин негизинде жүрүп, 2020-жылдын октябрь айында бүткөрүлөт деген план бар.

COVID-19 пандемиясы күчөгөн июнь-июль айларында Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды ачып, бейтаптарды тейледи.

Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер, коомчулук бийликтин карантинде бир да оорукана кура албаганын, тармактагы өксүктөрдүн чечилбегенин катуу сынга алыган.

Июлдун этегинде өкмөт ооруканалар оңдолуп, бир канча жерде жаңы курулуш башталганын жарыялаган.

Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык республикада жалпысынан 14 саламаттык сактоо мекемесинин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Анын бешөө жаңыдан салынып, тогузу капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG