Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Эсеби азайган эпидемиянын эпкини


Бишкектин борборундагы дезинфекция.
Бишкектин борборундагы дезинфекция.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар салыштырмалуу азайды. Ал эми каза болгондор эки жумадан бери каттала элек. Ошол эле кезде расмий статистикадан күмөн санагандар да көп.

Кыргызстанда 23-сентябрга карата 88 адамдан коронавирус табылды. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 108и айыкты. Ал эми каза болгондор катталган жок. Расмий статистика боюнча 8-сентябрдан бери вирустан эч ким көз жума элек.

Айбек Мукамбетов.
Айбек Мукамбетов.

Өлүм катталбай, оорунун азайып калышынын себебин «Сорос-Кыргызстан» фондунун саламаттык боюнча программаларынын координатору Айбек Мукамбетов мындайча божомолдойт:

«Өлкөдөгү айрым эксперттер жүргүзгөн кээ бир изилдөөлөрдө, ошондой эле иммуноферменттик анализдерден алынган жыйынтыктардын негизинде Кыргызстанда калктын 50% бул вирус менен ооруп айыкканы божомолдонууда. Бирок бул так аныкталган эсеп эмес. Так сандар Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) көрсөтмөсү менен жүргүзгөн баштапкы эсептөөлөрдөн кийин гана чыгышы ыктымал. Биз ошого жараша мындан ары вирус күчөйбү, андан өлүмдөр көбөйөбү деп атайын илимий божомол жасайбыз. Азыр оорунун аз болушу менен өлүмдүн жок экенин элдин басымдуу бөлүгү ооруп айыкканы менен түшүндүрсө болот».

«Үйүнөн көз жумгандар катталбашы мүмкүн»

Кыргызстанда коронавирустан каза болгондор июнь, июль айларында өтө көп болгону менен август айынын экинчи жарымынан баштап бирин-серин гана каттала баштады. Өлүмдүн кескин азайышынан улам расмий статистикадан күмөн санагандар да кездешет. Айрым адистер көзү өтүп кеткендердин жакындары өлүмдүн себебин дароо тактабай калгандыктан, коронавирустун расмий эсебине кирбей калганын айтышууда.

Аида Зурдинова.
Аида Зурдинова.

Кыргыз-Орус (Славян) университетинин окумуштуусу, дарыгер Аида Зурдинова үй шартында каза болгондор азыр деле эсепке кошулбай жатат деген оюн ортого салды:

«Менимче алар ооруканага барбай эле үйүндө каза болуп калып жатат окшойт. Азыр эми ооруканага барса эле өлүм күтүп турат деп корккондор да көп. Ошого үйүндө дарыланып жатышпайбы. Үйдө каза болгон кишинин диагнозун аныкташ кыйын. Анын өлүмүн милиция же дагы башка расмий органдар гана тастыктайт. Бирок эми мурдагыдай массалык өлүм катталбай калды. Ал эми үйүндө вирус жугузуп ооруп жаткандарды, алардын өлүмүн каттоо дегеле жүрүп жатабы? Эч ким аларды каттаган деле жок го».

«Июлда өлгөндөр деле расмий маалыматка кошулган жок»

Пандемияда жакындары кайтыш болгондор өз ара биригип, Саламаттык сактоо министрлигинен оорунун так санын, каза болгондордун эсебин жана азыркы таптагы өкмөттүн ооруга карата даярдыгын сурап бир нече күн мурда министрдин орун басары Мадамин Каратевге кайрылышкан.

Алардын бири, 8-июлда күйөөсү «Семетей» обсерваторунда каза болгон Гүлсана Мундузбаева маркумдардын өлүмүнүн себебин аныктаган маалымкаттарды эмче ала албай жатышканын айтты:

«Жолдошум каза болгондо аябай дүрбөлөң түшүп жатып, өлүмүнүн себеби жазылган кагазды албай калыптырбыз. Министрликтен ошону сурадым. «Бир жуманын ичинде чыгарып беребиз» дешкен, андан бери үч жума өттү, дагы эле жок. Ошого менин күйөөм расмий статистикада барбы-жокпу, белгисиз. Азырынча «Азаттыктын» пандемия курмандыктарынын тизмесине эле киргиздик.

Негизи биз ыктымал болот деп жаткан экинчи толкунга даярбызбы, билели деген да максат койгонбуз. Биз жакындарыбыздан айрылып, кан жутуп калдык. Эми ошол трагедия кайталанбасын деп Каратаевден сурап, оңдуу жооп ала албадык. Азыркы эсеп, даярдык маселеси дагы эле начар экенин ушундан билсе болот да».

«Вирустан өлгөнүн далилдешсин»

Коронавирустун акыркы күндөрдөгү статистикасына ылайык оору башталгандан бери жалпы каза болгондор - 1063 адам. Бирок бул эсеп август айынын ортосунда өзгөргөн. Ага чейин вирустан 1400дөн ашуун киши өлгөнү айтылып келсе, министрлик кайра эсеп жүргүзүп, 400дөн ашуун киши башка оорулардан көз жумганын билдирип, баштапкы эсепти азайткан болчу.

Мадамин Каратаев.
Мадамин Каратаев.

Статистикага байланыштуу күмөн саноо тууралуу министрдин орун басары Мадамин Каратаев:

«Өлүмдү кантип жашырышат? Аны жашырууга мүмкүн эмес да. Эгерде ооруган адамда коронавирус аныкталса, кокус ал каза болуп калса жакындарына сөөктү сойдуруп, патологоанатом менен анын диагнозун тактайлы деп жатабыз. Шектүүлөр сөзсүз түрдө ушундай жол менен гана эсепке кошула алат. Бизде маркумдардын жакындары андайга макул эмес да. Бардык ооруканаларга ушундай буйрук берип, жетекчилерге «каза болгондорду статистикага кошкондон качпагыла» деп айтып эле жатабыз. Кыңыр иш кырк жылда билинет да. Баары бир коронавирустан өлсө эртеби-кечпи айтылары бышык», - деди.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 630 ​ ​кишиге жетти. Алардын 41 904ү айыгып, 1063ү жашоо менен кош айтышты.

АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 23-сентябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 31 миллион 500дөн ашты. Алардын 969 миңдейи көз жумду, 21 миллион 600 миңдей бейтап айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер:

АКШ - 6 895 685;

Индия - 5 562 663;

Бразилия - 4 558 040;

Орусия - 1 111 157.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG