Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:26

COVID-19дан улам козголгон жоопкерчилик


Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр кезинде Жалал-Абаддагы оорукананын иши менен таанышып жаткан учуру. 4-апрель. 2020-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев премьер-министр кезинде Жалал-Абаддагы оорукананын иши менен таанышып жаткан учуру. 4-апрель. 2020-жыл.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди "шалаакылык" үчүн айыптаган арыз териштирилип жатат.

Бул иш коронавирус эпидемиясына байланыштуу иштерге тиркелип, чогуу каралмай болду.

Адвокат Канат Хасанов Башкы прокуратурага быйыл июль айынын башында кайрылып, Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда сырттан келген каржылык жардамды бөлүштүрүү кандай жүргөнүн текшерүүнү, өзгөчө оор кылмыш катары иш козгоп, жоопко тартууну суранган.

Башкы прокуратура анын арызын Жазык кодексинин «Шалаакылык» беренесинин негизинде козголгон сотко чейинки териштирүүнүн алкагында карап жатканы белгилүү болду. Хасанов Башкы прокуратуранын маалыматына таянып, буларды билдирди.

Канат Хасанов.
Канат Хасанов.

«Ошол кылмыш ишине өзүнчө арыз катары кошуптур. Канча киши ошол күндөрү кайтыш болду? Мен өзүм жубайым менен ооруканага абдан катуу ооруп түштүк. Ошол эле ИВЛ (жасалма дем алдыруучу) аппараттары, концентраторлор жана ооруканаларда орун жетишпеди. Ошол кезде өкмөттү башкарган Абылгазиев болчу. Ошондуктан «шалаакы мамиле» деген негизде арыз жазгам».

Башкы прокуратура адвокатка жөнөткөн катта өкмөттүн, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын оорунун жайылышына жол бербөө, ооруканаларды даярдоо багытында тийиштүү чара көрбөгөндөргө карата «Шалаакылык» беренеси боюнча териштирүү 6-майда башталганы жазылган.

Ушул эле күнү Саламаттык сактоо министрлигинин дары-дармек жана медицина каражаттарын сатып алуу боюнча тендерде кайсы бир фармацевтикалык компаниянын кызыкчылыгын көздөгөн айрым кызмат адамдарына карата Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча да териштирүү жүргүзүлө баштаганы катта белгиленген.

Бул эки ишти тергөө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) тапшырылган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы адвокат Канат Хасановдун арызына жогорудагыдай мазмунда кат жүзүндө жооп берилгенин ырастады.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 8-июлда «Хасановдун айткандарын Мукаммедкалый Абылгазиев негизсиз деп эсептейт. Ушундан улам анын дооматына жооп берүүнүн кажети жок» деп билдирген.

Быйыл 1-апрелде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иштен алынган. Коопсуздук кеңеши 31-марттагы отурумунда «коронавирустун алдын алуу боюнча жетиштүү иш жүргүзө алган жок» деп, аларга чара көрүүнү сунуш кылган.

Финполиция эки иштин негизинде мурдагы кызмат адамдарын бир нече жолу суракка чакырган.

Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өзү кызматтан кеткенден кийинки абалга тиешелүү жетекчилер жооп бериши керек деп эсептейт.

Алтынай Өмүрбекова.
Алтынай Өмүрбекова.

“Февраль менен март айына мен жооп берем. Менде бардык далилдер бар. 17-мартта Коопсуздук кеңешинин жыйынында мени президент мактаган. Республикалык штабдын жумушу канааттандыраарлык деген чечим бар. Бирок эки аптадан кийин мени кызматтан алып салышты. Бул жагы түшүнүксүз болуп калды. Ошентсе да, мен ар бир кадамыма жооп бергенге даярмын. Апрель айынан кийинки кырдаалга башкалар жооп берсин. Биз илдетти алдын алдык деп айта алам. Болбосо коронавирус Кыргызстанга январь айында эле келмек. Аба каттамдарын жаптык. Сырттан келгендерди обсервацияга алдык. Ошол кезде акча тартыш болуп жатты. Мен штабдын 30дан ашык жыйынын өткөрдүм. Протоколдорго таянсак, анда мен акча тартыш деп Каржы министрлигине байма-бай кайрылып жаттым”.

Өмүрбекова ошол кезде коронавируска каршы күрөшүү боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары болуп иштеген. Ал эми штабды жетектеп турган Мухаммедкалый Абылгазиев 15-июнда кызматтан кеткен.

“Саясий репрессияга каршы” комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов Абылгазиевдин жоопкерчиликке тартылышынан күмөн санап жатат.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

“Мурдагы премьер-министрлердин мисалын алалы. Өмүрбек Бабанов белекке күлүк алганы үчүн кызматтан кеткен. Жоомарт Оторбаев Кумтөр маселеси боюнча кеткен. Темир Сариев “Балыкчы-Корумду жолун оңдоодо коррупциялык схемаларга тиешеси болушу мүмкүн” деген дооматтан кийин кызматын тапшырган. Бирок булардын бири да туура эмес иш кылганын моюнга алган эмес. Ошол кезде аларга кылмыш иши да козголгон жок. Ошондуктан ушул тажрыйбаларды көрүп туруп, бул жерде иш аягына чейин чыгат дегенден күмөнүм бар. Абылгазиев бир гана коронавирустун жайылып кетишине күнөлүү эмес, ал жыштык чыры менен кызматтан кеткен. Бирок Абылгазиев да жоопкерчиликке тартылбайт деген ойдомун. Анткени ал көптөгөн маалыматты билет, ага иш козгосо, башка бийлик төбөлдөрүнүн баштары кетет. Бул коррупциялык схема бири-бирине чырмалышкан. Ушундан улам иликтөө аягына чыкпайт”.

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев буга чейин Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган мезгилде өлкө экономикасы абдан оор абалга кабылганын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылган. Сариев ошол кезде пандемиянын кесепетине күнөөлүү адамды издебей, тескерисинче өлкө тартып жаткан зыянды азайтыш үчүн бийлик кескин кадамдарга барышы керектигин белгилеген.

Сариев “өлкөдө эпидемиологиялык абал акырындап турукташа баштагандан кийин оорунун жайылышына жол бергендерди иликтеген мамлекеттик комиссия түзүлүшү керек” деген пикирин ортого салды.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

“Бул сөзсүз иликтениши керек. Анткени, оорунун алдын алуу үчүн бизде убакыт да, мүмкүнчүлүк да болгон. Бирок аны эмнеге туура пайдалана алган жокпуз, кайсы жерден кемчилик кетти? Эмне үчүн убагында чечимдер кабыл алынган жок? Коопсуздук кеңешинин чечимдери чийки болуп калганбы? Эгер ал туура болсо, эмнеге көзөмөл болгон жок? Мына ушул суроолорду карап чыгыш керек. Бул кийинки шайланып келген парламенттин иши болот го. Мамлекеттик комиссия түзүлүп, ага жарандык коомдун өкүлдөрү мүчө болушу керек. Жыйынтыкты ошол комиссия чыгарат”.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы учурунда жакындарын жоготкондор да адам өмүрү кыйылганынын себебин териштирүүнү бийликтен талап кылып чыгышкан. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда коронавирустун курмандыктары 1063 кишиге жетти.

18-августка чейин вирустан жалпысынан 1498 кишинин өмүрү кыйылганы расмий айтылып жаткан. Бийлик каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган.

Расмий эсеп боюнча өлкөдө пандемия башталган март айынан бери коронавирус жугузгандар 44 800дөн ашты.

XS
SM
MD
LG