Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

Илдеттин күчөшү бийликти сөзгө калтырды


23-март, 2020-жыл, Бишкек.
23-март, 2020-жыл, Бишкек.

Коронавирус кулачын жайган шартта Кыргызстанда абал оор болуп турат. Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 13, пневмониядан 44 бейтап каза болду.

Мындай шартта элде нааразы пикирлер күч алып, түзүлгөн кырдаал үчүн бийликтин жооп беришин талап кылган билдирүүлөр жарыяланып жатат.

Адвокат Канат Хасанов 3-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылган билдирүү таратты. Анда Хасанов мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартуу жөнүндө арызын калтырган.

Канат Хасанов.
Канат Хасанов.

«Азыр мен өзүм да эки тараптуу пневмония менен ооруп жатам, - деди ал. - Прокуратурага барып арызды берүүгө чамам жетпей турат. Абылгазиев учурунда ооруну жайылтпоонун алдын алуу боюнча чара көргөн эмес. Ал коронавирус менен күрөшүүгө бөлүнгөн акчаны максатсыз пайдаланган. Ошону иликтеш керек. Буга юридикалык баа берилиши зарыл. Менимче, алар акчаны бюджеттин карызына жана дарыгерлердин айлыгына жумшаган. Алар ооруканалардын абалын жакшыртып, медициналык каражаттарды сатып алышы керек эле. Мунун айынан бүгүнкү күндө канчалаган кишилер өлүп жатат? Буга түздөн-түз өкмөт башчы күнөөлүү деп эсептейм».

Хасановдун бул билдирүүсү сыяктуу бийликтен жоопкерчиликти талап кылган пикирлер ушул тапта социалдык тармактарда көп жазылууда.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 15-июнда кызматтан кеткен. Анын ордуна 17-июнда Кубатбек Боронов баштаган жаңы өкмөт ишке киришкен.

Мукаммедкалый Абылгазиев өкмөттү жетектеп турган учурда анын басма сөз катчысы болуп иштеген Адилет Султаналиев буларга токтолду.

“Хасановдун айткандарын Мукаммедкалый Абылгазиев негизсиз деп эсептейт. Ушундан улам анын дооматына жооп берүүнүн кажети жок”.

6-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Коронавирус боюнча кырдаал курчуганда өтүп жаткан бул жыйында мамлекет башчы профилактикалык иш-чаралардын жоктугунан улам калк арасында дүрбөлөңгө жол берилгени үчүн өкмөттүн ишин да сындады.

Кыргызстанда Коронавируска каршы ыкчам штаб 25-январда түзүлгөн. Ал эми COVID-19дун алгачкы учуру 18-мартта катталды. Республикалык штаб иштей баштаган күндөн алты ай убакыт өткөндөн кийин, 5-июлда Бишкекте күндүзгү стационардык борборлор ачылды. Бирок нааразы пикирлер президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнө карата да айтылууда. Саясатчы Бектур Асанов да ошондой оюн айтты:

«Буга түздөн-түз бийлик жооптуу. Өкмөт менен президенттин аппараты кырдаалды жөнгө салышы керек болчу. Бирок азыр абал оор болуп турат. Мындай учурда баарыбыз биригип, бир муштум болуп, пандемиянын мизин кайтарганга аракет кылышыбыз керек».

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев да акыркы кырдаалга байланыштуу өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында эч бир маанилүү чечим кабыл алынбаганын сынга алды. Сариев өлкө экономикасы абдан оор абалга кабылганын айтып, өлкө жетекчилигине кайрылды.

Саясатчы «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда азыр коронавирустан жана пневмониядан жабыркаган миңдеген адамдар тийиштүү медициналык жардам ала албай, абдан кыйын абалга туш болгонун белгиледи. Ошондой эле ал пандемиянын кесепетине күнөөлүү адамды издебей, тескерисинче өлкө тартып жаткан зыянды азайтыш үчүн бийлик кескин кадамдарга барышы керек деп эсептейт.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Бул пандемия дүйнөнүн бардык мамлекетин каптап жатат, - деди ал. - Айрым өлкөлөр алдын-ала чара көрүштү. Айрымдары чечкиндүү кадамдарга барса да оору менен күрөшүүгө чамасы жетпей жатат. Ал эми биздин өлкөдө коронавирусту жайылтпаш үчүн убакыт жетиштүү болгон. Башында Коопсуздук кеңеши туура эле чечимдерди кабыл алган. Бирок ошентсе да оору жайылып кетти. Эми мамлекеттикпи же коомдук комиссия түзөлөбү, «Каражаттар туура бөлүнгөнбү, кандай чара көрүлгөн?» деген суроолордун тегерегинде муну иликтеп чыгыш керек. Бирок азыр күнөөлүү адамды издөөнүн учуру эмес. Күнөөлүү адамды таап коюш бат эле. Андан көрө кесепетти жоюунун жолун издеш керек. Чукул чечимдерди кабыл алыш керек. Ал эми эл оорудан баш көтөргөндөн кийин бул суроого бийлик кайтып келет. Балким жаңы шайланып келген парламент иликтейт».

6-июлда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакыртылды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) маалыматына караганда, Космосбек Чолпонбаев айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын сүрөө жана Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол берүү фактысы боюнча сурак берери айтылды. Бул коронавирус пандемиясы башталгандан берки COVID-19га каршы күрөштө суракка чакырылган жана мурда жогорку кызматты ээлеген биринчи адам. Чолпонбаев 1-апрелде кызматтан өз арызы менен кеткен эле.

Бирок айрым байкоочулар элдин өзүндө да жоопкерчилик бар экенин эске салышууда. Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев «коронавирус илдети Кыргызстанда жайылып кетишине элдин кайдыгер мамилеси себеп болду» деп эсептейт.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Өкмөт коргонуу, коопсуздук чараларын ойлоп тапса болмок. Бирок ошол эле кезде алар жалпыга маалымдоо каражаттарынан байма-бай эле айтып жатышты. Элдин кайдыгер мамилеси ооруну күчөтүп жиберди. Азыр деле көчөгө чыксак айрымдар эң жөнөкөй санитардык эрежелерди сактабай жүрүшөт. Ошондуктан оорунун жайылышына бийликте канча күнөө болсо, элде да андан кем эмес күнөө бар деп эсептейм», - деди ал.

Дарыгерлер COVID-19 аймактарга жайылып кете турган болсо, абал азыркыдан дагы оорлошо турганын айтып жатышат. Ушундан улам облус аралык каттамдарга чектөө киргизип, элдин кыймылын азайтуу зарыл экени айтылууда.

Саясат талдоочу Эмилбек Жороев өкмөттүн иши элди канааттандырбай жатат деген пикирде.

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Мындай кырдаалда бийликке болгон жек көрүү келип чыгышы мыйзам ченемдүү көрүнүш, - деп түшүндүрдү ал. - Ошондуктан бийлик эл менен кошо маселени талкуулаганды үйрөнүшү керек. Азыр андай болгон жок. Президент анда-санда гана көрүнөт. Ал эми өкмөт башчы байма-бай чыгып жатканы менен даярдалган форматта гана сүйлөп жатат. Бул кадамдар улана берсе элдин нааразы пикири да күчөй берет».

Жалпысынан 18-марттан 8-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8486 адамдан табылды, алардын ичинен 112 бейтап кайтыш болду, 2983 бейтап айыгып кетти.

Пневмониядан март айынан бери каза болгондордун саны 268 кишиге жетти.

Кыргызстанда соңку аптада пневмониядан каза болгондор көп катталып жатат. Адистер өпкөсүнөн кагынып ооругандардын (пневмония) баарын коронавируска чалдыккандар деп кабыл алыш керек экенин айтышууда. Бирок Кыргызстанда пневмония болгондор коронавирустун расмий статистикасына кире элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG