Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:22

«Карындашымды көтөрүп, оорукана издеп жүрдүм»


Бишкектеги убактылуу стационар. 6-июль, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу стационар. 6-июль, 2020-жыл.

Бир суткада 450 адамдан коронавирус табылды. COVID-19 менен пневмониядан 36 киши каза болду.

Бишкек шаарынын тургуну Таалайбек Шайымбековдун карындашы эки өпкөсү кагынып, бир жума мурун каза болгон.

26 жаштагы кара чечекейинен ажыраган Таалай төрт күн ооруган карындашы менен бейтапкана кыдырып орун тапкан эмес. Ал ушундай жаш өмүрлөрдүн кыйылышына өкмөттүн чабал даярдыгы себеп болду деп эсептейт.

Эки өпкөсү кагынып, каза болгон Кундуз Шайымбекова.
Эки өпкөсү кагынып, каза болгон Кундуз Шайымбекова.

«Карындашымды машинеме салып, улам бир ооруканага каттаган учурда өзүмдү дүйнөдө жалгыз калган адамдай сездим. Мен сыяктуу жакынын ооруканага алып келгендерди көп көрдүм, - деп айтып берди Таалайбек Шайымбеков. - 30-июнда эртең менен Кундуз үзүлүп кеткенин кабарлашты. Карындашым 26 жашта эле. Диагнозун пневмония дешти. Тапшырган тестибиздин жыйынтыгы беш күндө чыкмак, ал чыкканга чейин эле абалы оорлошуп, көзү өтүп кетти. Бул аябай коркунучтуу оору экен. Башыңа түшмөйүнчө аны түшүнбөйт экенсиң. Бирок мен абалды ичинен көрүп отуруп, өкмөттүн «баарына даярбыз» деген сөзүн эстеп, иренжидим. Кыштан бери даярдык башталганын айтышкан. Иш жүзүндө анын бирин да көргөн жокмун».

Кыргызстандын ооруканаларында соңку бир сутка ичинде коронавирустан жана пневмониядан 36 бейтап каза болду. Бир күндө коронавирус диагнозу дагы 450 адамга коюлду. Бул тууралуу 7-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди:

«Каза болгондордун экөө медицина кызматкери. Бири – Ош шаарында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкери. Экинчиси - Ысык-Көл облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнүн башчысы, педиатр».

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков видео кайрылуу таратып, Кыргызстанда акыркы күндөрү кескин көбөйүп кеткен пневмонияны жугуштуу COVID-19 вирусу козгоп жатканын билдирди.

Ал эл арасында пневмония менен коронавирусту өзүнчө бөлүп караган ойлор айтылып жатканын, бирок ал жаңылыштык экенин белгиледи. Дарыгер мындай пикирлер менен өзүн-өзү алдабоого элди чакырды: ​

Сабырбек Жумабеков.
Сабырбек Жумабеков.

«Коронавирус митаам, амалкөй вирустардын бири экен. Өзү жалгыз жүрбөй, бактерияларды кошо ала жүрөт. Мурунга, тамакка киргенден кийин организмдеги уктап жаткан бактерияларды ойготуп, алар менен кошо өпкөгө барып пневмонияны жаратып жатат. Бизге келген бейтаптар 3-4 күндөн жети күнгө чейинки аралыкта эки өпкөсү тең пневмония болуп атат. Дене табы көтөрүлөт, башы ооруйт, жөтөлөт. Дене табы көтөрүлгөндө аны түшүрүп, мурунку вирустарды жок кылып коюп атабыз. Иммунитет түшүп кетет да, биз бактерияга каршы дарыларды бербей же рентген, томография чыксын деп 3-4 күн жүрөбүз. Муну менен убакыттан уттуруп жатабыз. Бизге келгендердин 100% тең пневмония менен ооругандар».

Кыргызстандын башкы өпкө дарыгери Талантбек Сооронбаев да буга чейин өлкөдө COVID-19 пандемиясы гана өкүм сүрүп жатканын айткан. Ал жөн гана сасык тумоо жүрүп жатат деген пикирлер тура эмес экенин белгилеген болчу.

Эркин адистер да Кыргызстанда пневмония болду деген бейтаптардын баарына коронавирус жукканын айтып жатышат. Алардан инфекция чыкпаганын анализ ыкмалары так болбой жатканынан көрүп, азыр өпкөсү кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын баарын коронавирус деп караш керек экенин билдиришүүдө. Алардын бири - медицина тармагы боюнча эксперт Айбар Султангазиев.

«Бул дартка кабылгандар да вирус жугузган болушу толук мүмкүн. Биздин өкмөт аларды эки бөлүп, маалыматты жашырып жатат. Бийлик өлгөндөрдүн саны көп болуп жатканын элге айткандан чочулап жатат», - деди ал.

Кыргызстанда соңку аптадан бери пневмониядан каза болгондор көп болуп жатат. Ооруканаларда орун калбай, бийлик кошумча стационарларды ачууга мажбур болууда. Ошол эле маалда ал жерлерде иштей турган адамдар аз болууда.

Кырдаалга байланыштуу премьер-министр Кубатбек Боронов медициналык билими бар адамдардын баарына кайрылып, келишимдик негизде иштеп берүүгө чакырды.

7-июлдагы онлайн брифингде ал Бишкекте жана Чүй облусунда дарыгерлерди келишим негизинде жумушка тартуу иши башталганын, айлык акысы 70 миң сомго чейин болорун айтты:

«Өкмөт башчы катары сиздерди расмий түрдө ишке чакырам. Медициналык билими бар, бүгүнкү күндө иштебей жүргөн, «иштейм, жардам берем» деген жарандарыбыз болсо, биз аларды ишке чакырабыз. Контракт түзүп, бир же эки айгабы, үч айгабы, жогорку деңгээлдеги дарыгерлер 70 миң сомго чейин, категориясына жараша акча төлөнүп берилет».

Боронов келишимдик негизде иштей турган дарыгерлердин жата турган жери жана тамак-ашы мамлекеттин эсебинен болорун кошумчалады.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Ошентип, өлкөдө март айынан бери коронавирустан жана пневмониядан каза болгондор 323 кишиге жетти. Алардын арасында дарыгерлер, таанымал адамдар да бар. 6-июлда түнгө маал пневмониядан Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөсү, акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Акун уулу Турсунбеков каза болду.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова коронавирус илдетинен көз жумду.

5-июлда «Азаттыктын» чыгаан журналисти, саясат таануучу, саясий илимдердин кандидаты Бүбүкан Досалиева 62 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Ошондой эле каза тапкандардын арасында Бишкектеги №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева, Оштогу фтизиатр-дарыгер Альберт Исмаилов, 70 жаш курагында жан берген Ички иштер министрлигинин Оштогу дарылоо борборунун ординатор дарыгери Жамал Тазабекова, Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыков, медицина илимдеринин доктору, профессор Абдиманап Муратов жана башкалар бар. Буга чейин Жогорку Кеңештин дагы бир мурдагы төрөгасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев ушул илдеттен каза тапкан.

Жалпысынан 18-марттан 7-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8141 адамдан табылды, 2916 бейтап айыгып кетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​



  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG