Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:08

«Азаттык»: Айтылуу Бүбүкан Досалиевадан айрылдык

Бүбүкан Досалиева.
Бүбүкан Досалиева.

5-июлда кыргыз журналистикасынын чыгааны капысынан келген илдеттен улам дүйнөдөн кайтты.

Кыргыз маданий коомчулугу, журналистикасы жана «Азаттык» үналгысынын жамааты орду толгус оор жоготууга учурады. 5-июлда жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.

Бүбүкан Акматжан кызы Досалиева Кыргызстандагы белгилүү журналист жана илимпоз, саясат таануучу, педагог айымдардан эле. Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. КТРК, «Сары Өзөн Чүй» сыналгы каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.

Б.Досалиева Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы далай журналисттерди тарбиялаган.

Толкундар жоктоп ак кууну, томсоро түштү Ала-Тоо

Бүбүкан Досалиева тасма тартуу учурунда.
1/16 Бүбүкан Досалиева тасма тартуу учурунда.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Бүбүкан Досалиева «Азаттыктагы» кесиптештери жана АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Мари Йованович менен.
2/16 Бүбүкан Досалиева «Азаттыктагы» кесиптештери жана АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Мари Йованович менен.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Бүбүкан Досалиева мурдагы президент Аскар Акаевдин колунан гүл алып жаткан кези.
3/16 Бүбүкан Досалиева мурдагы президент Аскар Акаевдин колунан гүл алып жаткан кези.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Мурдагы депутат Марат Султанов менен сүйлөшүп жаткан учуру.
4/16 Мурдагы депутат Марат Султанов менен сүйлөшүп жаткан учуру.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, Бүбүкан Досалиева (ортодо) жана журналист Толкун Наматбаева.
5/16 Укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, Бүбүкан Досалиева (ортодо) жана журналист Толкун Наматбаева.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
6/16
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Бүбүкан Досалиева акын Рамис Рыскулов менен.
7/16 Бүбүкан Досалиева акын Рамис Рыскулов менен.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Бүбүкан Досалиева мурдагы депутат, саясат талдоочу Ишенбай Кадырбековдон интервью алып жатат.
8/16 Бүбүкан Досалиева мурдагы депутат, саясат талдоочу Ишенбай Кадырбековдон интервью алып жатат.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Бүбүкан Досалиева саясатчы Өмүрбек Текебаев менен маек курардын астында.
9/16 Бүбүкан Досалиева саясатчы Өмүрбек Текебаев менен маек курардын астында.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Бүбүкан Досалиева мурдагы премьер-министр Турсунбек Чыңгышев менен маектешип жаткан кези.
10/16 Бүбүкан Досалиева мурдагы премьер-министр Турсунбек Чыңгышев менен маектешип жаткан кези.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Мари Йовановичтен интервью алып жаткан учур.
11/16 АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Мари Йовановичтен интервью алып жаткан учур.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. КТРК, «Сары Өзөн Чүй» сыналгы каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.
12/16 Ал саясат таануу илимдеринин кандидаты болчу. КТРК, «Сары Өзөн Чүй» сыналгы каналдарын эгемендик доордо жаңы деңгээлге чыгарууга салым кошкон.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Б.Досалиева Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы далай журналисттерди тарбиялаган.
13/16 Б.Досалиева Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы далай журналисттерди тарбиялаган.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Бүбүкан Досалиева ишке келгенде жоопкерчиликтүү, абдан так эле.
14/16 Бүбүкан Досалиева ишке келгенде жоопкерчиликтүү, абдан так эле.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.
Бүбүкан Досалиева жашоону сүйгөн, жароокер, мээримдүү эне, кесиптеш катары биздин жүрөгүбүздө кала берет.
15/16 Бүбүкан Досалиева жашоону сүйгөн, жароокер, мээримдүү эне, кесиптеш катары биздин жүрөгүбүздө кала берет.
Жылаажын үндүү журналист Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам 62ге караган жашында дүйнөдөн кайтты.

Өксүктө атты сулуу таң,

Өчүптүр, өмүр улуу шам.

Булуттай көчүп кетиптир,

Булактай эжем Бүбүкан.

Көңүлгө түшүп будуң-чаң,

Кайгылуу атты бүгүн таң.

Кайрылбай узап кетиптир,

Карачач эжем Бүбүкан!

(Бердибек Жамгырчиев)

16/16

Артка
Алдыга

1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа / Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматынын «Азаттык Медиа» мекемесинин кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, сыналгы берүүлөрүнүн башкы редактору, сыналгы өндүрүш продюсери жана соңку учурда журналисти болуп иштеп келди. «Азаттыктын» сыналгы берүүлөрүнүн далай ийгиликтери анын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

"Азаттыктын" архивинен: "Атамбаев бийликти өткөрүп берди, аны Жээнбеков улантат деп ишенебиз"
"Атамбаев бийликти өткөрүп берди, аны Жээнбеков улантат деп ишенебиз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:43 0:00

Бүбүкан Досалиеванын кайтыш болушуна байланыштуу бийлик жана коомчулук өкүлдөрүнүн атынан көңүл айтуу каты жарыяланды. Анда кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууга учураганы белгиленди.

Досалиева кесипкөй журналист, иштерман адис, мыкты устат, жарандык позициясы бекем, билими терең, адамдык парасаты бийик, көп кырдуу инсан болгону айтылды:

«Чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болду. Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн.

Эмгек жолун Республикалык балдар китепканасында библиограф болуп иштөөдөн баштаган. Журналисттик кесибинин алгачкы жылдары КТРК, «Сары Өзөн Чүй» радио, телеканалдарында иштеп, эгемен доордогу кыргыз журналистикасын жаңы деңгээлге чыгарууга олуттуу салым кошкон.

1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп келди. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

Бүбүкан Досалиева эмгек жолунда журналисттик кесибине илимий-педагогикалык ишти да айкалыштырды. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук, Бишкек мамлекеттик университеттеринин журналистика, радио-телекөрсөтүү кафедраларында доцент, кафедра башчысы, окутуучу, улук окутуучусу болуп иштеп, жүздөгөн шакирттерди тарбиялады.

Бүбүкан Досалиеваны замандаштары эскеришет
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:11 0:00
Түз линк

Бүбүкан Досалиева саясий илимдердин кандидаты, «Кыргызстандагы ММКлар: саясий-укуктук өңүт» аттуу илимий монографиянын, 50дөн ашык илимий эмгектин, «Энелер жөнүндө баллада» аттуу коомдук-популярдуу китептин автору, «Төрөкул Айтматов» аттуу китептин түзүүчүсү болгон.

2010-2012-жылдары Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеди.

1994-жылы Эл аралык Айтматов коомдук академиясынын журналистика боюнча академиги, 2015-2017-жылдары КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон.

2003-жылы өлкө президентинин «Алтын калем» сыйлыгынын лауреаты болгон.

2005-жылы журналистикага сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген мамлекеттик наам ыйгарылган.

Бүбүкан Досалиева аялзатынын нускалуу үлгүсү эле. Чынчылдыгы, чечкиндүүлүгү, акылгөйлүгү, иштермандыгы кийинки муунга өрнөк болуп калары калетсиз. Чыгаан журналист жана аялзатынын сырттаны Бүбүкан Досалиева эч качан унутулбайт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!»

Некролог вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев баштаган жетекчилердин жана мамлекеттик, коомдук ишмерлердин атынан жарыяланды.

Б.Досалиеванын Кыргызстандагы сөз эркиндиги менен басма сөз эркиндиги үчүн күрөшкө, кыргыз маданиятына кошкон зор салымы жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» ардак наамын (2005) алган эле. Ал Эл аралык Айтматов коомдук академиясынын журналистика боюнча академиги (1994) болгон.

Оор кабарды уккан замандаштары, санаалаштары жана жакындары Бүбүкан Досалиеванын «Фейсбуктагы» баракчасына эскерүүлөрдү жазышууда.

«Азаттыктын» жамааты Бүбүкан Досалиеванын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана үзөңгүлөштөрүнө терең айгыруу менен көңүл айтат.

Бүбүкан Досалиеванын чыгармачылыгына арналган документалдык тасма

Куржундар
XS
SM
MD
LG