Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:31

Мыкты дарыгер, мээримдүү эне эле...


Жүзүмкан Көкүмбаева
Жүзүмкан Көкүмбаева

Бишкектик дарыгер, 58 жаштагы Жүзүмкан Көкүмбаева COVID-19 илдетин жугузуп алгандан кийин абалы начарлап, 2-майда көз жумду. Бул Кыргызстанда медицина кызматкерлери коронавирустан каза болгон биринчи учур.

Максат Султакеев COVID-19 илдетинен айыгып үйүнө келгенине бир жуманын жүзү боло элек.

Максаттын апасы, №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева бул оорунун алдында алсыз болуп, 2-май күнү көз жумган.

Султакеевдин айтымында, апасында COVID-19 илдетинин алгачкы белгилери 19-апрелде байкала баштаган.

«19-апрель дем алыш болчу. Ал күнү апам өзүн начар сезип, «алым кетип турат» деп эрте эле жатып алган. Дүйшөмбү күнү жумушка бара алган жок. Кесиптештери менен байланышып, жанында отурган медайымдан вирус аныкталганын уккандан кийин үйгө көчмө топ чакырып анализ тапшырганбыз. Алар аптанын үчүнчү күнү келишти».

Максат Султакеев апасы менен.
Максат Султакеев апасы менен.


Жүзүм Көкүмбаеванын алгачкы эки анализи таза чыккан. Бирок дарыгердин абалы оорлой баштаганда кайрадан текшерүүгө жиберилип, 24-апрель күнү вирус табылган. Бир жумадан кийин Жүзүмкан Көкүмбаева көз жумду. Бул Кыргызстанда медицина кызматкери COVID-19 илдетинен каза тапкан биринчи учур болчу.

«Жума күнү ПЧР-тесттин жыйынтыгы менен апам экөөбүздөн вирус аныкталып, бизди «Тез жардам» менен Республикалык инфекциялык ооруканага алып кетишти. Апамдын абалы оорлой баштагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Апамды акыркы жолу 24-апрелде көрдүм. Ал күчтүү, боорукер болчу. Барган жерине нур чачып турар эле».

Жүзүм Көкүмбаева коронавирус өлкөдө пайда болгон күндөн баштап жумушуна жөө каттап жаткан. Абысыны Гүлнура Кыштообаева убактылуу эмгек өргүүсүнө чыгып турууну сунуш кылганын, Көкүмбаева такыр ынабай койгонун айтып берди:

«Жумушун өзүнөн да жогору койгон адам болчу, «бейтаптарым күтүп жатат» деп такыр эле болбой койду. Жолдошу да каза болуп калган. Баласы менен кызына аябай жаман болду. Туугандары да кан жутуп отурабыз. Ооруп калсак эле жеңеме чуркап барчубуз. Биз үчүн энедей эле болуп калган».

Саламаттык сактоонун отличниги Жүзүмкан Көкүмбаева 1985-жылдан бери №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп келген. Аны менен 25 жыл бирге эмгектенген кесиптеши Турдубай Мүсүралиев Жүзүм Көкүмбаеваны алдыңкы дарыгер, мыкты жетекчи катары сыпаттап, жалпы саламаттык сактоо тармагы чоң жоготууга учураганын айтты:

«Биздин божомолубуз боюнча №3 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмгектенген медайым өзү дарылап жаткан бейтаптан COVID-19 вирусун жугузуп алган. Ал кызматкер Жүзүм Асановна менен бир бөлмөдө отурчу. Көкүмбаева 1996-жылдан бери дарыгерлер тобунун жетекчиси болуп иштеп келген. Дарыгерлерине, санитаркаларга жакшы мамиле кылчу. Мындан тышкары бейтаптардын да нааразы болгонун бир да жолу көргөн эмесмин».

Жүзүм Көкүмбаевадан тышкары №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун 10 кызматкеринен коронавирус табылган. Арасында аталган мекеменин жетекчиси Жыргал Сабданбеков да бар. Алардын баары ооруканага жаткырылган. Сабданбековдун айтымында, вирус жуккан бейтапкананын дарыгерлери айыгып баратышат.

«Ооруканада жаткан кесиптештеримден телефон аркылуу кабар алып турам, азыр баарынын абалы жакшы. Кээ бири жакын арада үйүнө кеткенге даярданып жатат. Өзүм эртең менен кыйналып турдум эле, азыр жакшы болуп калдым», - деди ал.

Республикалык штабдын маалыматында Жүзүмкан Көкүмбаеванын өлүмүнө эки тараптуу пневмония, оорунун оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, мындан тышкары жүрөк кемтиги, кант диабети, полиоргандык жетишсиздик сыяктуу өнөкөт илдеттеринин кесепети тийгени жазылды.

4-майдагы маалымат боюнча Кыргызстанда COVID-19 илдети жалпысынан 216 медицина кызматкерине жуккан. Алардын 139у айыгып чыкканы кабарланган. Коронавирус жугузгандардын жалпы саны - 830 киши.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG